Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан өлкөнүн Жогорку лидери белгилеген улуттук кызыкчылыктар жана «кызыл сызыктар» сакталган шартта Тегеран эл аралык коомчулук менен диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.
Tasnim агенттиги маалымдагандай, Ислам революциясынын 47 жылдыгына арналган аземде сүйлөгөн сөзүндө Пезешкиан улуттук өндүрүштү өнүктүрүү аймактык рынокторго чыгуу зарылдыгын талап кыларын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал өкмөттүн артыкчылыктуу багыты катары ислам мамлекеттери менен мамилелерди чыңдоону, ошондой эле Евразия, БРИКС, Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ) алкагындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү атады.
Мамлекет башчысынын айтымында, «Батыш курган ишенимсиздик дубалы жана АКШнын ач көздүгү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө тоскоол болууда». Ошол эле учурда ал Иран «эч качан адилетсиздиктин алдында баш ийбей турганын» баса белгиледи.
Пезешкиан ошондой эле жарандардан «бар болгон кемчиликтер жана тартыштыктар үчүн» кечирим сурап, өкмөт топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык аракетин көрүп жатканын айтты.















