Иран АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампты өлтүрүүнү эч качан пландаган эмес.
Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкян NBC News телеканалына берген маегинде билдирди.
“Бул Израиль жана башка өлкөлөр иранофобияны жайылтуу үчүн иштеп жаткан схемалардын дагы бири… Иран эч качан эч кимди өлтүрүүгө аракет кылган эмес жана пландаган да эмес”, – деди ал.
Анын айтымында, Иран эч качан Трампка кол салууга аракет кылган эмес жана кылбайт дагы.
Буга чейин Трамп далилдерди келтирбестен, Иранды ага каршы конкреттүү, бирок ийгиликсиз “кыймылдарды” жасаганын жана аларды кайталышы мүмкүн деп айыптаган. Трамп эч кандай коркутуулар аны чочутпай турганын баса белгилеп, АКШ армиясы кырдаалдын кандай өнүгүп жатканын көрүү үчүн «көз салып жана күтүп жатканын» айткан.
Тегеран Трампты жок кылуу пландары боюнча айыптоолорду четке каккан.


















