Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу мөөнөтү Стамбулда мурда жетишилген макулдашуулар аткарылгандан кийин аныкталат.
Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РБК басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, ал Москва менен Киев меморандум долбоорлору боюнча учурдагы гуманитардык макулдашуулар аткарылмайынча пикир алмашпай турганын билдирген.
“Жок, учурда экинчи турда жетишилген гуманитардык макулдашууларды ишке ашыруу аяктап жатат, – деди Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ошол эле учурда орус-украина сүйлөшүүлөрүнүн 3-айлампасын улантуу мөөнөтүн аныктоого убакыт келерин кошумчалады.
Буга чейин Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы 22-июнда болору кабарланган.
Эске сала кетсек, Орусия менен Украинанын делегациялары жаңжалды жөнгө салуу үчүн буга чейин эки жолу жолугушуу өткөрүшүп, биринчиси 16-майда, экинчиси 2-июнда Стамбулда болгон.
Тараптардын өткөн эки жолугушууларынын жыйынтыгындагы жетишилген макулдашуулардын негизинде согуш туткундарын, анын ичинде оор жарадарларды жана 25 жашка чейинкилерди, ошондой эле курман болгон жоокерлердин сөөгүн алмашуу болду.



















