Песков: НАТО Орусияны монстр кылып көрсөтүп, аскердик чыгашаларды ИДПнын 5%на чейин көбөйткүсү келет.
НАТОнун 24-июнда Гаага шаарында баштала турган саммитинин башкы темасы — альянстын мүчө өлкөлөрүнүн коргонуу чыгашаларын ички дүң продукциясынын (ИДП) 5% чейин көбөйтүү болот. Бул максатты ишке ашыруу үчүн «монстр» жаратуу керек, ал ролго эң ылайыктуусу — Россия, деп билдирди Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков брифинг учурунда.
«5% жөнүндө чечимди кабыл алдыруу үчүн тозоктун элесин — монстрду жаратыш керек. НАТО чиновниктери бул роль үчүн биздин өлкөнү эң ылайыктуу деп эсептешет», — деди Песков.
Ал ошондой эле НАТО конфронтация жана агрессия үчүн түзүлгөн альянс экенин баса белгиледи. Кремлдин өкүлүнүн айтымында, альянстын мүчө мамлекеттери, айрыкча Европанын өлкөлөрү, «ашкере милитаризация» жолуна түшүп жатышат.
«Бул биздин айлана-чөйрөбүздөгү чындык жана биз эске алуучу реалдуулук», — деп жыйынтыктады Песков.
НАТО саммити 24-25-июнь күндөрү Гаагада өтөт. Ага АКШ президенти Дональд Трамп да катышат, ал саммитке бир күн кечигип келет. Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитттин айтымында, америкалык лидер НАТО өлкөлөрүнүн коргонуу чыгымдарын ИДПнын 5%на чейин көбөйтүү маселесин талкууламакчы.
Буга чейин НАТОнун баш катчысы Марк Рютте альянстын мүчөлөрүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырган. Ал Россиянын «3–7 жыл ичинде» блоктун айрым өлкөлөрүнө чабуул коюшу мүмкүн экенин билдирген.
Мындан мурда Питербург эл аралык экономикалык форумунда (ПМЭФ) Вашингтондун НАТОнун аскердик чыгымдарын көбөйтүүгө кызыгуусу түшүндүрүлгөн болчу.


















