Кытай БУУнун кийинки Башкы катчысын шайлоого активдүү катышууну жана дүйнөлүк уюмдун ролун күчөтүү аракеттерин колдоону көздөй тургандыгын Синьхуага агенттиги билдирди.
КЭРдин тышкы иштер министри Ван И бул тууралуу БУУнун төрагалыгына талапкер деп эсептелген Чилинин мурдагы президенти Мишель Бачелет менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ван Инин айтымында, Пекин жаңы башкы катчыны тандоодо жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамиле жасайт. Кытай БУУнун натыйжалуулугун жогорулатууга, анын беделин бекемдөөгө жана заманбап эл аралык чакырыктарга жооп берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга салым кошууну күтөт.
Кытайлык дипломат уюм өзгөрүп жаткан дүйнөлүк кырдаалга ыңгайлашып, глобалдык маселелерди чечүүдөгү негизги ролун сактап калышы керектигин баса белгиледи.
Мишель Бачелет БУУ жалпы чакырыктарды чечүүдө мамлекеттердин ортосундагы кызматташуу үчүн алмаштыргыс платформа бойдон кала берерин билдирди. Ал уюм БУУнун Уставынын жоболорун жетекчиликке алып, анын үч негизги тирегине – тынчтыкты сактоого, өнүктүрүүгө жана адам укуктарын коргоого көңүл бурушу керек деп эсептейт.
Чилинин мурдагы президенти ошондой эле Кытайдын бул саясатка берилгендигин дагы бир жолу тастыктады. Ал Пекиндин көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана БУУнун ишин колдоого кошкон салымын жогору баалады. Бачелет Бириккен Улуттар Уюмунун таасирин жана мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү үчүн Кытай жана башка өлкөлөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Эскерте кетсек, БУУ жаңы Башкы катчыны шайлоо процессин 2025-жылдын аягында баштаган. Азыркы БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт.
БУУнун Башкы катчысы Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча дайындалат жана Башкы Ассамблеянын добушу менен бекитилет. Кызмат мөөнөтү беш жыл, андан кийин кайра шайланууга болот. Расмий мөөнөттөр боюнча чектөөлөр жок, бирок уюмдун башка бир дагы башчысы бул кызматты он жылдан ашык ээлеген эмес. Салт боюнча, талапкер Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн биринен: Россия, Улуу Британия, Кытай, АКШ жана Франциядан көрсөтүлө албайт.



















