Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси аталган уюм Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн «текшерүүгө» даяр экенин дагы бир жолу билдирди.
Гросси Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн талаптагыдай текшерүү үчүн зарыл болгон техникалык иштердин көбү аткарылганын жана агенттик бул милдетти аткарууга даяр экенин айтты.
Ошондой эле ал аймактагы бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Пакистандын, Катардын, Омандын жана Египеттин Иран менен АКШнын ортосунда ортомчулук кылуу аракеттери ийгиликке жетет деген үмүтүн билдирди.
Ушул билдирүүлөр менен катар Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын алдындагы Ирандын туруктуу өкүлчүлүгү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин уставынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата билдирүү жасап, кош стандарттарга чекит коюуга жана агенттиктин ишмердүүлүгүнүн саясатташтырылышына каршы турууга чакырды.
Ирандын өкүлчүлүгү мүчө мамлекеттерге бирдей жана басмырлоосуз мамиле кылуунун зарылдыгын белгилеп, эрежелерди тандалма түрдө колдонуу жана саясий кызыкчылыктарга негизделген аракеттер агенттиктин уставынын принциптерине каршы келерин билдирди.
Ошондой эле өкүлчүлүк Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн көзөмөл менен Израилдин өзөктүк ишмердүүлүгүнө карата мамиленин айырмаланып жатканын белгиледи. Иран тараптын билдирүүсүндө, өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге кошулбаган Израилдин бардык өзөктүк ишмердүүлүгү комплекстүү кепилдиктер системасы менен камтылбаганына көңүл бурулду.
Билдирүүдө АКШ менен Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган чабуулдарына карата агенттиктин унчукпай турушу да сынга алынды.
Ирандын өкүлчүлүгү агенттиктин жетекчилик органдары жана катчылыгы бул чабуулдарды айыптаган жөнөкөй билдирүүнү да чыгарышпаганын маалымдады.


















