Жогорку Кеңештин комитети “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
5-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Мыйзам долбоорун биринчи окууда демилгечи депутат Марлен Маматалиев алып чыкты. Анын айтымында, мыйзам долбоору маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алуу менен жана маркумдун өзү тирүү кезиндеги керээзине ылайык өлгөн адамды көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин, аны жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөөнү, ошондой эле сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.
Ошондой эле, комитет отурумунда “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев тааныштырды.
Мыйзам долбоору “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Конституцияга шайкеш келтирүү, ошондой эле эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин натыйжалуу тутумун жаратуу үчүн мыйзамдагы боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 5-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзам демилгечиси, депутат Марлен Маматалиевдин белгилешинче, бул долбоор аркылуу маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кыйынчылыктардан арылат. Көзү өткөн маркумду жайына жашырууда кепилденген кызмат көрсөтүүлөр ишке ашат.
Документте белгилүү болгондой, жарандын каза болгондугу тууралуу маалымкат эки күндөн кечиктирилбестен маркумдун жакындарына берилүүгө тийиш. Болбосо, ушул сыяктуу ырастамалар колго тийбей создуктурулгандыктан, көрүстөндөн жер алуу көп убарагерчиликти жаратып жаткан көрүнүштөр да бар. Кала берсе, кимдир бирөөнүн кайгысынан каражат жасап жаткан «ишкерликтин түрүнө» көз жуумп коюга болбойт. Антпесе, эртелеп алып алган көрүстөн жерлерин 40-50 миң сомго соодалап ийчүлөрдүн жолуккандыгы да жакшы жоосун эмес. Алардын айынан кээ бир зар болгон кишилер насыя алууга аргасыз болгон учурлардын катталып жаткандыгы өкүнүчтүү, — деди бул тууралуу аталган мыйзам долбоорун сунуштаган депутат М. Маматалиев.