Forbes Real-Time Billionaires рейтингиндеги маалыматка ылайык, Масктын абалы Москва убактысы боюнча 22:30да 500 млрд долларга жетип, кийин бир аз төмөндөп 499,1 млрд долларды түзгөн.
Мындай өсүш Tesla компаниясынын акцияларынын баасынын 4%га жогорулашынын натыйжасында болгон. Бүгүнкү соода жыйынтыгында Teslaнын баасынын өсүшү Масктын байлыгын 9,3 млрд долларга көбөйттү. Маск апрелде мамлекеттик башкаруу натыйжалуулугу боюнча департаменттин (DOGE) куратору кызматынан кеткенин жарыялагандан кийин, Tesla акцияларынын баасы дээрлик эки эсеге өскөн.
Ошол эле учурда, Forbes белгилегендей, Масктын байлыгынын өсүшү бир гана Tesla компаниясынын эсебинен эмес. 2024-жылдын декабрынан бери анын SpaceX компаниясынын баасы 50 млрд долларга жогорулап, азыр 168 млрд долларды түзүүдө. Маск компаниянын 42% акциясына ээ.
Мындан тышкары, xAI компаниясынын X социалдык тармагы менен март айындагы биригүүсүнөн кийин түзүлгөн келишимден кийин xAI Holdings компаниясынын байлыгы 113 млрд долларга бааланган. Масктын үлүшү анда 53%, башкача айтканда, 60 млрд доллардын тегерегинде.
2024-жылдын декабрында Маск 400 млрд долларлык байлыкка жеткен биринчи адам болгон.
Аналитикалык топ Informa Connect Academy 2024-жылдын сентябрында жарыялаган отчётунда, 2027-жылга чейин Маск дүйнөдөгү алгачкы долларлык триллионер болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын эсеби боюнча, Масктын байлыгы орточо жыл сайын 110%га өсүп турат.
Маск биринчи жолу 2021-жылы Forbes рейтингинде дүйнөдөгү эң бай адам болуп чыккан. Ал учурда Amazonдун негиздөөчүсү Жефф Безосту артта калтырды, анын байлыгы 271,3 млрд доллар деп бааланган.
Ошондон бери Маск бир нече жолу бул тизмедеги лидерликти жоготуп, кайра кайтарып келген.
Масктын негизги активдери — SpaceX жана Tesla компаниялары.
SpaceX — космостук ракеталарды учуруу менен алектенет жана Масктын айтымында, анын узак мөөнөттүү максаты — адамдарды Марска жеткирүү.
Tesla — электромобилдерди өндүрүүчү компания.
Мындан тышкары, Маск xAI Holdings, Neuralink (мээ чиптерин иштеп чыгат) компанияларына ээ жана жалпысынан жети компаниянын негиздөөчүсү же тең негиздөөчүсү болуп саналат.




















