Бүгүн, 8-октябрда маркум Камчы Көлбаевдин Ош шаарындагы “смотрящийи” болуп саналган Эрмекбаев Алмаз Абылович кылмыш дүйнөсүнөн баш тарткандыгын социалдык тармактар аркылуу жарыя кылды.
Анын өзүнүн айтуусу боюнча, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп саналат жана Ош шаарынын “смотрящийи” болгон. Ошондой эле ал мындан ары кылмыш идеясынан баш тартып, бийликти колдоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого убада берди. Эгер мыйзамды бузса, жооп бере тургандыгын кошумчалады.
Эске сала турган жагдай, мындан мурда К. Көлбаевдин кылмыштуу тобунун Оштогу дагы бир өкүлү “Женго” каймана аттуу Кадырбек Досонов, К. Көлбаевдин күзөт кызматынын башчысы Улар Баракчиев жана “Сакал” аттуу Улан Токтосуновдор кылмыш дүйнөсүнөн баш тарткандыгын жарыя кылышкан.
Ал эми Камчы Көлбаев өзү 4-октябрда Бишкекте УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органына каршылык көрсөткөндүгү үчүн жок кылынган.