Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жок кылынган кримтөбөл Камчы Асанбекке (Көлбаев) тиешелүү жалпы 60 унааны алды. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 23-ноябрындагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги тарабынан электрондук аукционго коюлган 6 унаа юридикалык жактан таза жана үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан өз эрки менен берилген унаалар болуп саналат.
“Жакын арада дагы 14 унаа аукционго коюлат. Калгандары боюнча азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Айрым унаалардын документтери жок, кээ бири анын жакындарына, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө же үчүнчү жактарга катталган. Камчы Көлбаевдин апасына эле брондолгон 6 унаа катталган, ал унаалардын документтерин бербей жатат”, – деди ал.
Ташиев белгилегендей, жакын арада сот болот, анын жыйынтыгы менен бардык унаалар мамлекетке кайтарылып, электрондук аукционго коюлат.



















