Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

К. Көлбаевди пайдаланып, “Иттипак” диаспорасынын сүткорлору эбегейсиз байлык топтогон

  • Аналитика
  • 24.11.2023 12:31

Loading

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эркине баа беришибиз керек, Кыргызстанды өз менчигиндей калчап, криминал менен коюн-колтук алышкан бизнесмендерди бир чекеден жазага тарта баштады.

Ушул жуманын башында Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган “Иттипак” уйгур диаспорасынын лидери, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулу Салимов Ильшат Турсунтаевичке издөө жарыяланды. Турсунтайдын уулу “кримтөбөл” Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгени Улуттук коопсуздук органдары тарабынан тастыкталганы маалым болду.

Көрсө, Ильшат Салимов криминалдык авторитет Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен өзүнүн өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоорлордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылышкан. Мыйзамсыз ажыраткан кымбат баадагы үлүштүү жерлердин Бишкек шаарындагы жалпы аянты 3 гектардан ашып, учурда ага курулуш компаниялары премиум класстагы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. Курулуп жаткан үйлөрдө жалпы баасы болжол менен 12 миллион долларды түзгөн 110дон ашык батирлери бар. Айтор, Салимовдордун үй-бүлөсү Көлбаевдин камкордугунан активдүү колдонушуп, анын колдоосу менен курулуш жаатында бардык объектилерди чүлүктөп алган.

Тема боюнча

Кримтөбөл К. Көлбаевдин  «Борбордук Азия аңчылык клубу» ЖЧКсы мүлкү менен мамлекетке өткөрүлдү

Кримтөбөл К. Көлбаевдин  «Борбордук Азия аңчылык клубу» ЖЧКсы мүлкү менен мамлекетке өткөрүлдү

15.02.2024

Ошондой эле, 1995-жылы “Мадина” ЖЧКсы (ээси Т. Салимов) мурдагы №155 бала бакчанын (Чыгыш-5 кичирайону, №18/1, азыркы “Прадо” эс алуу жайы, болжолдуу баасы 5 млн АКШ долларын түзөт) имаратын “Кыргыз камволдук-нооту комбинатынан” мыйзамдарды бузуу менен менчикке алган. Андан соң Т. Салимов менен И. Салимов мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мыйзамдаштыруу максатын көздөп, курулуш компаниялардын бири менен премиум классындагы көп кабаттуу турак жайды куруу боюнча келишим түзүшкөн.

Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак- жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги катары кымбат батирди (баасы 500 миң АКШ доллары) бериши шарт болгон. Андан кийин, мурдагы бала бакчанын аймагына турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок, И. Салимов берилген батирди кайтарып берүүдөн баш тартып, Көлбаев менен биргеликте ишкерлерге кысым көрсөтүү жолу менен башка адамдардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди Көлбаев Чолпон-Ата шаарында Совет көчөсү, №36 дарегинде жайгашкан мурдагы “Зодиак” казиносунун ордуна соода борборун куруу максатында жер тилкеге алмаштырып алган.

Мындан тышкары, уюштуруучулардын бири И. Салимов болгон “Т.S. Group” ЖЧКсы “Кыргыз камволдук-нооту комбинатынан” болжолдуу баасы 11,5 млн АКШ долларына жакын жалпы аянты 4,5 га. кампа жайларын мыйзамсыз чыгарып алган.

Бул фактылар менен катар Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун мыйзамсыз иштерине Салимовдордун үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган. Тактап айтканда, И. Салимовдун Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда Көлбаевдин коттеджинин жанында жайгашкан 600 миң долларлык коттеджи бар, ошондой эле курулуп жаткан “Каганат Резорт” эс алуу борборунда 700 миң АКШ долларлык дагы бир коттеджи бар.

Ошондой эле, анын шаардын борборунда жалпы баасы 700 миң долларлык бир нече кымбат батирлери бар жана И. Салимов жүк ташуу, коомдук тамактануу, курулуш ж.б. боюнча адистешкен бир нече ЖЧКнын ээси болуп саналат. Кыскасы, кыргыздын кырааны делген Көлбаев аялынын этегинен чыкпай, жалаң “Иттипак” уйгур диаспорасынын сүткорлорун байыткан экен. Бул кыргызга жасалган чыккынчылык эмей, эмне?

А. Акжолов.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Иттипак"Камчы КөлбаевТ. Салимов
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстандын ИИМи “Салимбайдын” өлүмүн четке какты

Өзбекстандын ИИМи “Салимбайдын” өлүмүн четке какты

13.08.2024
Кримтөбөл К. Көлбаевдин  «Борбордук Азия аңчылык клубу» ЖЧКсы мүлкү менен мамлекетке өткөрүлдү

Кримтөбөл К. Көлбаевдин  «Борбордук Азия аңчылык клубу» ЖЧКсы мүлкү менен мамлекетке өткөрүлдү

15.02.2024
Өзбекстанда “Бахти Ташкентскийдин” уулу камакка алынды

Өзбекстанда “Бахти Ташкентскийдин” уулу камакка алынды

25.12.2023
К. Көлбаев жана Р. Матраимов менен байланышы бар 180 кызматкер жумуштан алынды

К. Көлбаев жана Р. Матраимов менен байланышы бар 180 кызматкер жумуштан алынды

11.12.2023
Ысык-Көл облусунда К. Көлбаевге (К. Асанбек) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда К. Көлбаевге (К. Асанбек) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

05.12.2023
Өзбекстандын кримтөбөлү  Салим Абдувалиев (“Салимбай байбача”) кармалды

Өзбекстандын кримтөбөлү  Салим Абдувалиев (“Салимбай байбача”) кармалды

05.12.2023
УКМК: “ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

УКМК: “ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

24.11.2023
Көлбаевдин апасына 6 брондолгон унаа катталган

Көлбаевдин апасына 6 брондолгон унаа катталган

23.11.2023
Мындан ары Кыргызстанда Матраимов, Көлбаев, Женго дегендер  болбойт 

Мындан ары Кыргызстанда Матраимов, Көлбаев, Женго дегендер  болбойт 

23.11.2023

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.