Ош шаарынын А.Масалиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү өтмөктө 4 лифт 10 күндүк сыноо мөөнөтү менен тесттик режимде ишке киргизилди.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пайдаланууга берилиши күтүлүп жаткан лифттер мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга каралган.
“Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору, өтмөктөгү лифтти колдонууда белгиленген гана жарандардын чыгып-түшүү тартибин так сактоону суранабыз. Бул жалпы элдик мүлк”,-деп айтылат маалыматта.
Аталган өтмөк Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ушул жылдын 31-августта пайдаланууга берилген. Ал эми жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпаган шартта кошумча жасалчу майда жумуштар жүрүп жаткан. Анын ичинде ушул лифтти ишке киргизүү болчу.
Муну менен катар калаанын аталган көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол автоунаалардын каттамдарына уруксат берилди. А.Масалиев көчөсүнүн үч чакырым жолуна толук жаңыдан асфальт төшөө иштери башталган болчу. Жумуштар 100%га аяктап, жол бүгүнтөн тарта тоулк ачылды.
Эске сала кетсек, аталган проспекти 22 жылдан кийин быйыл толук оңдолду. Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов билдиргендей, бул проспекттен сырткары да көчөлөргө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Быйыл Ош шаарынын жолдорун оңдоого жергиликтүү бюджеттен 350 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.