Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу көкбөрү оюнунун финалынан кийин чыр чыгаргандар жазага тартыларын билдирди.
Бул тууралуу ал 31-августа түн ортосунда элге социалдык тармак аркылуу видео кайрылуусунда айтты. Ал көкбөрү оюнунан кийин чыр чыгаргандарды кескин сынга алып, кыргызстандыктарды биримдикке үндөгөн.
Ташиев соңку окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү баштаганын, чагым баштоого шектүү адамдар аныкталып жатканын кошумчалады. УКМК төрагасы дал ушундай кырдаалда аймак аралык кастыкты козууга аракет кылгандар жазага тартыларын эскертти.
Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 32 жылдыгындагы Эгемендик күнү майрамына карата Ошто өткөн көкбөрү оюнунун финалдык беттешүүсү чыр-чатак менен коштолду.
31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттешүү өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган.
Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алышкан.
«Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алды.