Ош шаарындык мэриясы калаадагы жалпы билим берүүчү 31 мектептин жер аянттарынан жеке жана юридикалык жактарга берилип кеткен жер тилкелер боюнча кошумча маалымат таратты. 20 беттен ашык отчетто ошол ар бир мектептин баштапкы жер аянтынын аймагына канча турак үй, канча соода жайлары түшкөнү айтылган.
Берилген маалыматта, мектептердин аянттарына мечиттердин курулганы тууралуу да айтылат.
“Мисалы: № 15 М.Курбанов атындагы орто мектебинин түштүк-чыгыш тарабындагы мечит тууралуу кеп болот. Андан сырткары: “№ 10 В. И.Ленин атындагы орто мектебинин Ленин көчөсү тарабында жайгашкан мечит мектептин аймагына кирип кеткен (болжол 2.7 м.*30 м+магазин). Мечиттин иш кагаздары жок. Мектептин аймагындагы дүкөн Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан сатылган. 1972-жылдагы жер планында мектептин чек арасы түз кеткен, көрсөтүлгөн жер тилке мектептин аймагы болуп көрсөтүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми, мектептердин жерлерине жеке жактардын турак жай салып алган фактлары көбүрөөк кездешет. Мисалы: “№ 40 Королев атындагы орто мектебинин чыгыш тарабындагы жеке менчик турак үйгө Архитектура башкармалыгынын базасында эч кандай архитектуралык иш кагаздары катталган эмес. Мурунку жер планын учурдагы жер план менен салыштырганда өзгөрүлөр бар”,-делген.
Отчетто көрсөтүлгөндөй, мектеп аянттарынан алган делген жерлердин көпчүлүгүндө тиешелүү документтери бар. Алар убагында жашоочулардын жыйынынын, Ош шаардык кеңешинин, Архитектура жана шаар куруу кеңешинин протоколдорун, мэриянын атайын токтомдорун, соттун чечимдерин чыгартып алышкан. Мындай документтерди даярдап алгандар менчик укугуна ээ экенин негиз кылып, талашышы белгилүү, бирок мэрия бул маселе боюнча укук коргоо органдарынан жана мекемелердин юристтеринен турган жумушчу топ түзүп, тактоо иштерин баштады.
«Кадастр кызматы 31 мектептин аянттары боюнча иш алып барат. Ал эми Архитектура салынып калган имарттарга воттор берилгенби аныктап, жол картасын түзөт. Андан кийин биз прокуратура менен иш алып барабыз», – деди Юсупов.
Ушул маселенин айланасы боюнча 26-сентябрда укук коргоо органдарынын, муниципалдык ишканалардын, юристтердин катышуусунда жыйын өткөн. Анда мектептердин аянтын баштапкы калыбына келтирүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилген.
Буга чейин маалым болгондой, мектептердин аянтын жеке жактарга соода түйүндөрүн, турак жай жана коомдук жайларды салуу үчүн берүү фактылары 1991-2006-жылдар аралыгында эң көп катталган.
Кошумчалай кетсек, Ош шаарында жалпысынан 91 мектеп бар. Анын 55и мамлекетик калганы жеке менчик мектептер.