Ош облусунун Өзгөн районда 1 миллиард 350 миллион сомго 380 орундуу заманбап оорукананын курулушу башталды.
Бул тууралуу КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, КР президентинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 291 тескемесине ылайык, оорукана курулушуна керектүү каражат 2025-жылга карата Турукташтыруу фондунан бөлүнмөкчү.
Жаңы оорукана президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан курулат.
2025-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, Өзгөн жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен жеринен таанышкан. Натыйжада аталган борбордун ордуна жаңы оорукана куруу демилгеси колдоо тапкан.
Бул долбоор – калкы 290 миңден ашып, жыл сайын өсүп жаткан Өзгөн районундагы медициналык муктаждыкты чечүү максатталган. Ошентип районунун тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, аймактын социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошула турган болду.



















