Ош шаарынын борбордук базары ушул жылдын 1-майына чейин көчүрүлөт. Бул тууралуу «Базар» муниципалдык дирекциясынын башчысы Чыңгыз Шерматов билдирди.
Ал белгилегендей, учурдагы эски борбордук базардын сатуучуларына бир жума убакыт берилди. Анткени, жаңы базардагы соодагерлер жайгашчу жайлардын эшиктери, буюм тизүүчү тилкелери толук бүтө элек.
«Ушуга окшогон иштерди жасап алгыла» деп бир жума убакыт берилди. Соодагерлер 1-майга чейин көчүрүлөт»,- деди Шерматов.
Буга чейин жүзгө жакын соодагерлер Ош мэриясына чогулуп, жаңы борбордук базарга көчүүнүн алдында жергиликтүү бийликке жаңы талап коюшкан. Анда алар «Келечек», «Бексултан» сыяктуу башка базарлар да жаңы базарга көчсө гана алар да көчөрүн билдиришкен.
Ош шаардык мэриясы 2025-жыл жаңыраары менен т.а. 2-январда, борбордук базардын сатуучуларына кайрылуу жолдоп, ушул жылдын 20-январынан тартып, А.Навои көчөсүндө учурда иштеп жаткан борбордук базар жабыла тургандыгын жарыялаган. Анда бул белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгуусун өтүнгөн. Ал эми аталган убакыттан тарта, эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотула турганын эскерткен.
Андан кийин, сатуучулардын өтүнүчү менен борбордук базардын жылдырылышы 2025-жылдын 20-февралында калтырылган. Бирок бул мөөнөт өтсө деле жылдырыла элек.
“Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт”, – деп айтылат мэриянын тараткан маалыматында.
Былтыры, 2024-жылдын июль айында, Ак-бура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен сел жүрүп, Ош шаарынын борбордук базарын чоң зыянга учураткан. Анда соода түйүндөрүн суу каптап, жүз миңдеген сомдук товарлар жарактан чыгып, ишкерлер чыгымга учураган. Бул табигый кырсыктан беш адамдын өмүрү кыйылса, жакындарын жоготкондорго чоң жоготуу болсо, шаарды күтүүсүз көйгөйлөргө учураткан. Ошентип сел борбордук базарды башка жакка жылдыруу маселесин дагы күчөткөн.
“Базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын башчысы Чыңгыз Шерматовдун айтымында, жаңы базар 2500 орунга ылайыкташтырылып салынган.



















