Ош шаардык мэриясынын структурасында жаңы муниципалдык ишкана негизделе турган болду. Тактап айтканда, Ош шаардык муниципалдык инспекцияны түзүү тууралуу маселени бүгүн, 3-июль күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясына колдоо тапты.
Алгач вице-мэр Сонунбек Жунусбаев аталган инспекция түзүлсө, укук бузуулар боюнча айыппулдарды сала турганын айтып, анын функционалдык милдеттери Укук бузуулар кодекси боюнча иштээрине токтолду.
“Мисалга, жарандар таштандыларды туура эмес жерге төксө, “Тазалыктын” кызматкерлери таштанды контейнерлерин убагында тазалабай калса айыппул салышат. Штатында 12 адам болот, бюджеттен айлык-акысына деп 3,5 млн сом коротула турган болууда. Айыппулдан жылына 50 млн сомго чейин акча түшөрү күтүлүүдө. Биз бул инспекцияны бюджетти көбөйтүү максатында эмес, укук бузууларды жок кылуу, тартипке чакыруу максатында негиздейли деп жатабыз”,-деди Жунусбаев.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Бишкек шаарында инспекциянын 80 кызматкери бар экенин, дагы 20 кызматкер керек болуп жатканын, айыппулдун жылына 105 млн акча түшөрүн, мындай инспекция Жалал-Абадда да бар экенин белгиледи.
Ал эми “Милдет” фракциясынан депутат Мелис Обозов: “Испекция болуп түзүлгөн болсо, кызматкерлерине атайын рангдар берилеби?”,-деп сурады.
Ош мэриясынын аппарат башчысы Масуда Айдарбекова инспекциянын кызматкерлери муниципалдык кызматкер болуу менен бирге атайын рангдар берилерин билдирди.
Сунуш жана талкуудан кийин депутаттар колдоп беришти.



















