Кыргызстандын аймагындагы жети облуста жайгашкан жети кереметтүү жерлеринин элестери түшүрүлгөн макеттердин бет ачаары өттү. Мисалы: Өзгөн мунарасы, Чүй буранасы, Ысык-Көл, Жети-Өгүздүн белгилүү тоолору, Таш-Рабат, Сулайман-Тоо, Баткендеги Айгүл гүлү, Токтогул суу сактагычынын макеттери чебер сүрөткерлердин эмгегинен жаралды.
Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош Улуттук драма театрына барган КР Президенти Садыр Жапаров аталган макеттерди көрүп чыкты.
Мамлекет башчы андан соң театрдын ишмердүүлүгү менен таанышып, таш экспозицияларды көрүп чыкты. Бул күндөрү Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында театрда өтүп жаткан Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборлорунун «Ош – достук шаары» көргөзмөсүнө да катышты.
Бул жерде Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын атынан келген ар башка улуттардын аксакалдары менен баарлашып, алардын каалоо-тилектерин, акыл-насааттарын угуп, аларды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.