Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Жеңишбек Токторбаев мэр болуп дайындалды.
Жеңишбек Токторбаевди бүгүн, 23-январда, Министрлер Кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жамаатка тааныштырып, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Ал эми президент Жапаровдун башка Жарлыгына ылайык, Ош шаарына 2 жыл 2 ай мэр болгон Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.



















