Ош шаарында Өзбекстандан алынып келинген 1000 даана чынар теректин көчөттөрүн отургузуу иштери башталганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, көчөт отургузууну символдук түрдө баштап берди.
Маалым болгондой, жаңы көчөттөр быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн көчөлөрдүн жээктерине отургузулат. Бул аракеттер шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөйт.
Ош мэриясынын маалыматына караганда, көчөттөрдүн багуусу жана сугарылышы үчүн атайын кызматтар жооптуу болуп, алардын сакталуусуна көзөмөл күчөтүлөт.
Чынар терек — чынарлар тукумундагы (Platanaceae) көп жылдык жалбырактуу дарак. Ал орточо 30 метрге чейин өсөт, айрымдары андан да бийиктикке жетет. Жалбырактары манжа сымал бөлүнгөн 3–7 лопустан турат. Кабыгы боз-жашыл өңдө болуп, убакыт өткөн сайын ачык боз түскө өзгөрүп, күбүлүп түшүп турат — анын эсебинен кабыктын ичине кирип алып жашаган курт-кумурскалар да түшүп турат. Бул процесс чыган теректин көп жыл жашоосуна өбөлгө түзөт.
Чынар терек негизинен Европа, Кавказ, Иран жана Борбор Азия аймактарында өсөт. Айрым өлкөлөрдө миң жылга жакын жашаган чынар теректер тарыхый-маданий мурас катары сакталат.
Шаардык чөйрөдө чынар терек көлөкө берип, абанын сапатын жакшыртууда чоң роль ойнойт. Анын жыгачы декоративдүү материал катары колдонулуп, жалбырагы жана кабыгы айрым дарылык жана боёк берүүчү касиетке ээ.
Кыргызстанда эң бийик жана жоон чынар терек Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында өсүп турганы айтылат. Анын бийиктиги 30 метр, жоондугу 8 метрди түзөт.



















