Кыргызстанда биринчи болуп Ош шаарында дипломаттар шаарчасын куруу үчүн 3,5 гектар жер бөлүндү.
Мэриянын маалымат кызматынын башчысы Жумамидин Сулайманкуловдун маалыматында бүгүн, 26-августта, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугушуп, консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрсөттү.
“Дипломатиялык шаарча Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат”,-деди Сулайманкулов.
Ал кошумчалагандай, эми элчиликтер консулдуктарын өздөрү курушат, ал эми шаар бийлиги зарыл болгон бардык инфраструктуралык курулуштарды камсыздап берет.



















