Бүгүн, 23-августта өткөн мугалимдердин Ош облустук Август кеңешмесинде билим берүү кызматкерлерин колдоо, жаш муундарга таалим, тарбия берүүсүнө дем берүү, шыктандыруу максатында турак-жай куруу үчүн 10 мугалимге жер тилкесинин сертификаты тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшырып жатып КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев агартуучуларды куттуктап, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.
“Сиздерге кандай сыйлык берсек да, кандай урмат сый көрсөтсөк да аздык кылат”,-деди Джантаев.
2022-жылы, Ош облусунда 15 мугалимге турак жай куруу үчүн жер тилке берилген. Ошондой эле облустагы мыкты мектеп жана бала бакчалар аныкталып, ар бири 10 миң сом менен сыйлаган.
Кошумчалай кетсек, быйыл Ош облусу боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 6627 бүтүрүүчү катышып, 1 окуучу «Алтын сертификатка», 20 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына, 3 окуучу республикалык предметтик олимпиадада алдыңкы жана байгелүү орундарды багынткан.



















