Бүгүн, 16-апрелде, Ош шаардык мэриясына борбордук базардын соодагерлери чогулуп, жергиликтүү бийликке жаңы талап коюшту. Алар жаңы салынган базарга шаардагы “Келечек”, “Бексултан” сыяктуу башка базарлар да көчсө гана көчө тургандыктарын айтышты. Антпесе, жаңы базарга кардарлар барбай коюшат деп кооптонуп жатышкандыктарын билдиришти.
Топтолгондорго “Базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын башчысы Чыңгыз Шерматов чыгып жолугуп, 20-апрелде эски базар жабыларын билдирип, жаңы базарда бардык шарттар түзүлгөнүн, асфальт басылып, канализация курулуп, жарык орнотулганын айтып түшүндүргөнгө аракет кылды.
“Базар 20-апрелде жабылат. 21-апрелден баштап жаңы салынган базарга көчүшүңөр керек”, – деди ал.
Бирок соодагерлер мэр менен жолугууну талап кылышты. Шерматов мэр чыкпай турганын, анткени шаардык кеңешинин сессиясы жүрүп жатканын билдирди жана мэрдин кабыл алуусу эртең болоорун айтып, сатуучуларды ошондо келүүгө үндөдү.
Буга чейин Ош шаарынын борбордук базарынан сырткаркы ири базарлар да убагы келгенде башка жакка жылдырыла турганы жана шаардын аймактык башкармалыктарына кичи базарлар гана калаары тууралуу сөздөр айтылган.
Ош шаардык мэриясы 2025-жыл жаңыраары менен т.а. 2-январда, борбордук базардын сатуучуларына кайрылуу жолдоп, ушул жылдын 20-январынан тартып, А.Навои көчөсүндө учурда иштеп жаткан борбордук базар жабыла тургандыгын жарыялаган. Анда бул белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгуусун өтүнгөн. Ал эми аталган убакыттан тарта, эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотула турганын эскерткен.
Андан кийин, сатуучулардын өтүнүчү менен борбордук базардын жылдырылышы 2025-жылдын 20-февралында калтырылган. Бирок бул мөөнөт өтсө деле жылдырыла элек.
“Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт”,-деп айтылат мэриянын тараткан маалыматында.
Былтыры, 2024-жылдын июль айында, Ак-бура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен сел жүрүп, Ош шаарынын борбордук базарын чоң зыянга учураткан. Анда соода түйүндөрүн суу каптап, жүз миңдеген сомдук товарлар жарактан чыгып, ишкерлер чыгымга учураган. Бул табигый кырсыктан беш адамдын өмүрү кыйылса, жакындарын жоготкондорго чоң жоготуу болсо, шаарды күтүүсүз көйгөйлөргө учураткан. Ошентип сел борбордук базарды башка жакка жылдыруу маселесин дагы күчөткөн.
“Базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын башчысы Чыңгыз Шерматовдун айтымында, жаңы базар 2500 орунга ылайыкташтырылып салынган.




















