Россиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 8-июлда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы маалымдады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү, өзгөчө соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
«Өзгөчө көңүл жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышына, айрыкча соода жана экономика тармагына бурулду», — деп айтылат маалыматта.
Президенттер:
-
Товар жүгүртүүнү көбөйтүү,
-
Өнөр жай тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү,
-
Регионалдык кызматташууну кеңейтүү,
-
Маданий жана билим берүү алмашууларын илгерилетүү боюнча координацияланган иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Буга чейин, 10-июнда, Шавкат Мирзиеев Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун пленардык жыйынында сүйлөп, дүйнөлүк экономика жаңы өзгөрүүлөр доорунун алдында турганын айткан. Анын пикиринде, мындай шартта бардык мамлекеттер туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө тийиш.
Өзбекстан–Россия региондор кеңешинин экинчи жыйыны быйыл күзүндө өтүшү пландалууда.
Мындан мурда, Өзбекстандын ТИМи Россиядагы өзбек жарандарына байланыштуу текшерүүлөр боюнча өз позициясын билдирген.
















