Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Орусиялыктарда билим алууга болгон кызыгуу кескин төмөндөдү

  • Россия
  • 26.08.2025 11:46

Loading

Орусиялыктардын дээрлик жарымы жогорку билимди милдеттүү эмес деп эсептешет. Pro-Vision Communications жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, 46,3% респонденттердин пикиринде, жайлуу жашоо жана туруктуу карьера үчүн колледж, техникум же кесиптик окуу жайды бүтүрүү жетиштүү. Университеттин дипломун сөзсүз керек деп эсептегендер – 29,3%. Калктын 10%дан азы жумушка орношуу үчүн мектеп билими же кыска мөөнөттүү курстар жетет деп ойлошот, ал эми болгону 1,5% илимий даража же бизнес-билим берүү (MBA) маанилүү деп санайт.

Респонденттердин 37%дан көбү жогорку билимди формалдуулук катары кабыл алышса, дагы 22,4% аны «тааныш-билиш табуунун жолу» катары гана көрүшөт. Иш берүүчүлөр дагы дайыма университет дипломун талап кылбайт: болгону 27,8% гана ар бир жумушка кирүүдө ушундай талапка туш болгон. Көпчүлүк үчүн (66,2%) бул шарт кээде гана коюлган, ал эми 10%га жакыны жумушка орношууда жөн гана көндүмдөр жетиштүү болгонун айтышкан.

Жогорку билим зарыл эмес деп эсептелген тармактардын катарына мамлекеттик кызмат, IT жана маркетинг кирген. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын көбү соодада (81%), өндүрүштө (79,5%) жана курулушта (70,2%) колледж билими менен деле ийгиликке жетсе болорун айтышкан. Бул тизмеге дизайн, искусство, маданият жана көңүл ачуу индустриясы сыяктуу чыгармачылык кесиптер да кирген.

Тема боюнча

Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштыруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты

Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштыруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты

27.11.2026

Респонденттердин дээрлик жарымы (47,3%) жогорку билим алууну кааларын, бирок ага жогорку окуу акысы (74,6%), оор экзамендер (42,9%), убакыттын тартыштыгы (24,9%), ошондой эле жеңилдетилген категориядагы талапкерлер менен болгон күчтүү атаандаштык (21,8%) тоскоол болуп жатканын белгилешкен. Жеңилдик алган категорияга Украинадагы согушка катышкандар жана алардын балдары кирет.

ЖОЖдор согушка катышкандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн бюджеттик орундарга кабыл алышты — жалпысынан дээрлик 30 миң киши.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин 2028-жылга чейин өнөр жайдагы кадр тартыштыгын чечүү үчүн 1 миллионго жакын жумушчуну даярдоону тапшырган. Ошондой эле ал кесиптик билим берүү тутумун рыноктун талабына ылайыкташтырып, «суроо-талап жок» адистиктер боюнча «ашыкча» кабыл алууну жоюуну буюрган.

Бул чечимден кийин орусиялыктар үчүн жогорку билимдин баасы кескин көтөрүлдү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы ЖОЖдордо окуу акысы орточо эсеп менен 12%га, Москвада болсо 15,7%га жогорулаган. Айрыкча колдонмо математика, компьютер илимдери, техникалык жана ядролук физика багыттарында баалар эң катуу өскөн. RAEX эсептөөлөрүнө ылайык, Орусиянын алдыңкы 10 университетинин жетөөсүндө окуу акысы жок дегенде 25%га көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда Мамдума өкмөттү ЖОЖдорго акы төлөнүүчү орундардын санын аныктоо жана жеңилдетилген насыя алууга боло турган адистиктердин тизмесин түзүү укугу менен камсыз кылды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: билимжогорку билим берүүЖОЖРоссия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Путин Орусиянын жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиясын жаңылоону сунуштады

Путин Орусиянын жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиясын жаңылоону сунуштады

27.11.2026
Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштыруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты

Орусия космоско өзөктүк курал жайгаштыруу пландары тууралуу маалыматтарды четке какты

27.11.2026
Башкыртстанда кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды

Башкыртстанда кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды

25.11.2026
Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

25.11.2026
«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

23.11.2026
Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

21.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЖИ шартында жаштарга кандай билим берүү керек?

ЖИ шартында жаштарга кандай билим берүү керек?

17.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.