Орусиялык тарыхчы, тарых илимдеринин доктору Виктор Козодой “Сибир кыргыздарынын цивилизациясы” аталышындагы китебин жазып бүткөнүн жарыялады. Китеп Сибирдеги кыргыздардын мамлекеттүүлүгү тууралуу жазылган.
“Сибирь кыргыздарынын XIX кылым ичиндеги мамлекеттүүлүгүнүн бардык тарыхын карап отуруп: жергиликтүү цивилизация түшүнүгүнүн аныктамасын жана анын белгилерин, критерийлерин аныктап чыгып, алардын баарын кыргыз тарыхы менен байланыштырып, кыргыздардын XIX кылым бою үзгүлтүксүз мамлекеттүүлүгү болгонун жана Сибирде жергиликтүү цивилизация жашаганы тууралуу тыянакка келдим. Эми китепке жыйынтык чыгарган корутунду жазуу гана калды. Аны жакынкы күндөрү бүтүрөм деп үмүттөнөм. Бирок эң негизги текст бүттү”,- дейт В. Козодой.
Буга чейин Козодой “Сибирь кыргыздарынын беги Эренек” аттуу китеп жазып, аны орус жана кыргыз тилдеринде чыгарган. Китебинин бет ачаарын Кыргызстандын бир канча шаарларында өткөргөн. Бирок анын эмгегине кыргызстандык айрым тарыхчылар сын-пикирлерин айтышкан.
Ал эми автор сынчылардан конструктивдүү сындар айтылбаганын, аларда кесипкөйлүк даярдыктардын жоктугу менен анын эмгеги тууралуу маалыматтарынын аздыгы сынчыларды аксатканын билдирген.




















