Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Астанада кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Токаев Казакстан менен Ирандын ортосундагы өз ара соода жыл сайын өсүп жатканын, бирок өлкөлөр сооданы диверсификациялоого өзгөчө көңүл бурушу керектигин билдирди.
“Атап айтканда, биз айыл чарба, транспорт жана логистика, тоо-кен өнөр жайы, медицина, алдыңкы технологиялар боюнча кызматташууну активдештирүүгө тийишпиз. Бүгүн кол коюлган документтер саясий жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн күчтүү түрткү болот деп ишенем”, — деди Токаев.
Ал ошондой эле Тегеран шаарында Казакстандын Соода үйүн түзүү демилгесин колдоп, Ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгүн активдештирүү жана казак-иран соода-өнөр жай палатасынын потенциалын максималдуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
2025-жылдын башынан бери Иран казак экономикасына 17,8 миллион доллар түз инвестиция салган. Ирандык ишкерлер Алматы облусунда сыр заводун жана Батыш Казакстан облусунда тери иштетүүчү заводду ишке киргизүү сыяктуу долбоорлорго активдүү катышууда.
Өз кезегинде казакстандык ишкерлер да Иран рыногунда бир катар долбоорлорду ишке ашырууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар “Түндүк-Түштүк” транспорт коридорунун жана Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жол каттамынын потенциалын мындан ары кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкчылыгын ырасташты. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында бул каттамдар боюнча жүк ташуу көлөмү 2024-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 53%га өскөн.
Мамлекет башчылары маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого өзгөчө басым жасашты.
“Ирандын архивдеринде казак тарыхына тиешелүү бир кыйла байыркы эстеликтер сакталып турат. Биздин окумуштуулар биргелешип аль-Фарабинин мурасын изилдей башташты. Казак жеринде улуу ойчулга арналган тарыхый-маданий комплексти куруу маселеси каралууда. Бүгүн иран делегациясы бизге Казакстандын тарыхына байланыштуу баалуу байыркы кол жазмалардын көчүрмөлөрүн тапшырды, бул үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бул кадам эки элдин тарыхый байланыштарынын тереңдигин көрсөтөт”, — деди Токаев.
Мындан тышкары тараптар жакынкы жылдарда Маданият күндөрүн өткөрүү, ЖОЖдор арасында студент алмашууну кеңейтүү, медициналык уюмдар менен фармацевтика өндүрүүчүлөрдүн ортосунда кызматташууну түзүүнү макулдашышты.
Акорданын маалымат кызматы билдиргендей, Казакстандын тарыхы боюнча маалыматтарды камтыган 27 байыркы кол жазмалардын көчүрмөлөрү Ирандын архивдеринен табылган. Аларда XVIII-XIX кылымдарда Казакстанда болуп өткөн коомдук-саясий окуялар тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.


















