Монголияда 14-28-август аралыгында кыргыздардын, кыргыз тектүү этностордун, ошондой эле кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын илимий жактан изилдөө иштери жүргузүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, министр Мирбек Мамбеталиев Монголиянын Баян-Улгий жана Увс аймактарында кыргыздарга карата илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында кетип жаткан филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов башында турган жумушчу топ менен жолукту.
“Илимий топ Кыргызстандын президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыгынын алкагында кетип жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, анда кыргыздардын, кыргыз тектүү этностордун, ошондой эле кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын илимий жактан изилдөө иштерин жүргүзүү Монголияда ушул жылдын 14-28-август күндөрү өтөт.
Мамлекет тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул экспедиция Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды кайра жандандыруу, ошондой эле жоголуу коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлөт.
Бул Кыргызстандагы этнография, тарых, фольклористика, лингвистика жана тарыхый география тармактары үчүн жаңы булактарды ачууга багытталган.
Белгилей кетсек, бул изилдөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан илимий басылма жарыкка чыгат жана документалдуу фильм тартылары күтүлүүдө.



















