Иран менен Италия ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Персеполдон болжол менен үч чакырым алыстыкта жайгашкан байыркы салтанаттуу кире бериш – Талл-е Аджори археологиялык комплексин биргелешип реставрациялоо долбоорун башташат. Бул тууралуу Tehran Times басылмасы билдирди.
Реставрация иштери аяктагандан кийин эстеликти ачык асман алдындагы музейге айландыруу пландалууда. Ал Персеполдун тарыхый комплексинин туристтик инфраструктурасынын бир бөлүгү болот.
Ирандык археологдордун маалыматына ылайык, Талл-е Аджори, ошондой эле Кирдин дарбазасы же Парсанын дарбазасы деп да аталат. Ал Улуу Кирдин буйругу менен курулуп, анын уулу Камбис IIнин тушунда бүткөрүлгөн. Бул курулуш Персепол шаарынан мурда эле пайда болуп, Ахемениддер доорундагы падышалык шаардын башкы салтанаттуу кире бериши катары кызмат кылган.
Баштапкы учурда дарбазанын көлөмү болжол менен 30 × 40 метрди түзүп, бийиктиги 12 метрге жеткен. Анын дубалдары Вавилон искусствосунун таасири астында жасалган кооз оймо-чиймелүү глазурланган кирпичтер менен кооздолгон. Бул эстелик Байыркы Жакынкы Чыгыштагы улуу мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды чагылдырган эң кызыктуу тарыхый күбөлөрдүн бири болуп саналат.
Реставрация долбоору үч этап менен ишке ашырылат. Биринчи этапта адистер инженердик эсептөөлөрдү жүргүзүп, эстеликтин учурдагы абалын баалашат. Андан соң калыбына келтирүү долбоору даярдалып, акыркы этапта курулуш жана консервациялык иштер жүргүзүлөт.
Долбоорго Италиянын реставраторлору жана инженерлери, ошондой эле объектти сактоо жана техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооп берген ирандык адистер катышат. Иштер аяктагандан кийин Талл-е Аджори Ахемениддер мамлекетинин эң маанилүү борборлорунун бири болгон Персеполдун тарыхый ансамблин толуктаган жаңы музейдик жайга айланары күтүлүүдө.


















