Орусиянын Москвадагы чет элдиктерди убактылуу кармоочу “Сахарово” миграциялык борборунда азыркы учурда кыргызстандык 93 жаран кармалып турат, алардын алтоо аялдар.
Бул туралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 8-декабрь күнү кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, Москвадагы кыргыз элчилигинин, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери “Сахарово” миграциялык борборунун жетекчилиги менен жолугушкан.
Тараптар жолугушуу учурунда кармалып турган кыргызстандык жарандардын укугун коргоо, өз мекенинен убагында чыгып кетүүсүнө шарт түзүү маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери кармалып турган кыргызстандыктар менен жолугуп, юридикалык кеп-кеңештерди беришкен.
Мигранттар менен жолугушуу учурунда борбордун шарты, укук бузуулар боюнча эч кандай даттануулар түшкөн эмес.
Бирок, буга чейин Сахароводогу документтик иштер, кезек күтүүлөр жана андагы шарттар тууралуу даттануулар болуп келген.
Мигранттар эмне дейт?
Жогорку Кеңештин депутаттары Сахарового келип кетишсе…
Маселени үстүрттөн карап, “баары жакшы” дей бергенибиз менен мигранттардын жеке жашоосунан тышкары өздүк документтеринин эмгекке жарамдуулугун тастыктоочу документерин толтуруу биз ойлогондон бир кыйла оор.
Анын үстүнө Орусиянын өзгөртүлгөн мыйзамдарына ылайык мигранттар келерки, 2025-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлүктөрдүн убактылуу жүрүү мөөнөтүн жыл ичинде 180 суткадан 90 суткага чейин кыскартууну караган эреже күчүнө кире турганы маалымдалган.
Бул ченемдер Орусиянын аймагында тиешелүү уруксат документтери жок жүргөн чет өлкөлүктөргө жана анын ичинде кыргызстандыктарга да тиешелүү болгондуктан, биздин жердештер документтерин өз убагында жасатуу үчүн Сахароводо узун кезек күтүүгө аргасыз болушууда.
Бул туурасында Москвада эмгекетенип жүргөн кыргызстандык Марзия Ражапова буларга токтолду:
– Өткөн жылы Сахароводо кыргыз, өзбек, тажиктер өз-өзүнчө кезекке турчубуз. Кыргыздар барып эле документтерибизди бүтүрүп кайтат элек. Себеби, Кыргызстандан депуттаттар келишип, “Сахарово” миграциялык борборунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөдөн кийин бизге бир кыйла жеңилдик болгон.
Быйылкы жылы борбор азиялык мигранттардын кезегин жалпылап, аралаш кылып койгондугуна байланыштуу кезек күткөнгө 5,6 саат убакыт кетет. Үлгүрбөй калсак эртеси күнгө калып кетебиз. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттары Сахарово боюнча маселе көтөрүп, бизге кандайдыр бир жеңилдиктерди карап беришсе жакшы болмок.
Быйыл мен Сахарового эки жолу бардым. Азыр аябай кыйын болуп жатат. Анын үстүнө жаңы жылдан кийин Сахаровосуз документ жасалбайт дегенден кийин эл аябай агылып барып жатат.
М. Ражапова мыйзамдардын мындай татаалдашуусунан улам Орусияда мигранттар азайганын жана алар Европа мамлекеттерине чыгып кетип жатышкандыгын да айтып өттү.
Чындыгында, буга чейин Орусияда бир миллионго чейин кыргызстандыктар эмгектенип жүргөн болсо, акыркы статистика боюнча 366 миң Кыргызстандын жараны Орусия Федерациясында эмгектенүүчү катарында катоого туруп, бул көрсөткүч улам өзгөрүп жатат.
Эскерте кетсек, келерки 2025-жылдан баштап бир нече мыйзамдар катары менен күчүнө кирет.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө жараша документтери толукталбаган кыргызстандыктар өлкөдөн чыгарылышы же депортация болушу мүмкүн.
Мунун негизги себептеринин бири – Москвада “Крокус Сити Холл” концерттик залында жан кечтилер тарабынан масштабдуу жарылуу болуп, кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуул болгондон кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.



















