Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда жашаган кыргызстандыктардын банк карталарына бөгөт коюу боюнча билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, Орусияда 2025-жылдын 5-февралында Кыргызстандын 67 миңге жакын жараны көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн.
Министрлик буга чейин Орусияда жаңы укуктук – өлкөдөн чыгаруу режими киргизилерин маалымдап, бирок мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандарга карата колдонуларын кошумчалаган.
Эми бул мыйзамга ылайык, мындан ары миграциялык мыйзамдарды бузган мигранттар “көзөмөлдөгү адамдардын реестрине” кирип, көптөгөн укуктарынан кол жуушу мүмкүн. Алар никесин каттатууга, баласын мектепке же бакчага киргизүүгө, машине айдоого тыюу салынат. Мындан тышкары банк карталарын да колдоно албайт.
Эгер өзүнүн укуктук абалын жөнгө салгысы келген жарандар Орусияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен аталган өлкөнүн ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылууга жана жумуш берүүчү тарабынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин тиешелүү бир катар документтерди берип кайрылса болот.
Ошондуктан министрлик көзөмөлгө алынган адамдардын реестерине кирип калбаш үчүн Орусияда жүргөн мигранттарды бардык документтерге так болууну эскертет.
Эскерте кетсек, Орусияда 5-февралдан тарта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим күчүнө кирди. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Башкача айтканда, алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Мындан тышкары, мыйзамсыз мигранттарга тыюу салынган кызматтарды көрсөткөн адамдар айыпка жыгылат.
Катардагы жарандар үчүн айып пул 2000ден 5000 рублга чейин, кызмат адамдары үчүн 35-50 миң рубль, юридикалык жактар үчүн 400-500 миң рублди түзөт.



















