Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирактын премьер-министри Мухаммед Суданинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Алар Жакынкы Чыгыштагы согуштун тез арада бүтүшүнө үмүт артышат.
Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.
“Израилдин Иранга каршы согуштук операциясына, ошондой эле АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине ракеталык жана абадан сокку уруусуна байланыштуу Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Эки тарап тең БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун башка ченемдерин одоно бузган бул аракеттер аймактын туруктуулугу жана бүткүл дүйнөлүк коопсуздук системасы үчүн өтө коркунучтуу жана күтүүсүз кесепеттерге алып келерин белгилешти”,- деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда тараптар куралдуу тирешүүнү тез арада токтотуу менен кырдаалды саясий жана дипломатиялык каналга кайтарууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Владимир Путин менен Мохаммед Судани ошондой эле глобалдык энергетикалык рыноктордо пайда болуп жаткан тобокелчиликтерге тынчсыздануусун билдирип, ОПЕК плюс алкагында активдүү кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушту.
Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдөгү маселелер талкууланып, орус-ирак салттуу достук мамилелерин мындан ары чыңдоого эки тараптын умтулуусу айтылды.
Мындан тышкары, тараптар 2025-жылдын октябрына белгиленген биринчи орус-араб саммитин ийгиликтүү өткөрүүгө көмөктөшөт деп макулдашылды.



















