Москва менен Киевдин жаңы сүйлөшүүлөрүнүн датасы жакынкы аралыкта белгилүү болушу мүмкүн.
“Келерки аптада Орусия Украина менен сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун өткөрүү күнү боюнча макулдашууга жетишилиши күтүлүүдө”, – деп билдирди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Ал мындай пикирин Sky News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Песков ошол эле учурда Орусия Киев менен сүйлөшүүлөргө “өтө олуттуу” мамиле жасап жатканын белгиледи.
Бул аралыкта Орусия менен Украина согуш туткундарын алмашуунун жаңы айлампасын өткөрүштү.
Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып forbes.ru агенттиги жазды.
Коргоо министрлиги “орусиялык аскер кызматкерлери 2-июнда Стамбулда жетишилген орус-украин келишимдерине ылайык” кайтып келгенин жана анын ордуна Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн согуш туткундарынын тобу которулгандыгын билдирди.
Белгиленгендей, орусиялык аскер кызматкерлери мурдагы алмашуулардагындай эле Беларустун аймагында болуп, аларга керектүү психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ошондой эле баары коргоо министрлигинин медициналык мекемелеринде дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский согуш туткундары алмашканын тастыктады.
Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди.
“Элибиз орус туткунунан мекенине кайтып келүүдө. Булар Куралдуу күчтөрдүн, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокерлери. Алардын көбү 2022-жылдан бери туткунда”, – деп жазган ал.
Зеленский ошондой эле алмашылган жоокерлер Киев, Запорожье, Харьков, Сумы, Чернигов облустарындагы, Луганск Эл Республикасынын аймагындагы салгылашууларга катышканына токтолгон.
Ал кошумчалагандай, украин бийликтери мындан аркы алмашуунун үстүндө иштеп жатат.
Алмашылган туткундардын саны боюнча маалыматты эки тарап дагы белгилеген эмес.
Кошумчалай кетсек, түз сүйлөшүүлөрдүн мурунку раунду, 2022-жылдын жазынан бери биринчиси Стамбулда 16-майда, экинчиси ошол эле шаардагы Чыраган сарайында 2-июнда өткөн. Анда тараптардын жолугушуусу бир сааттан ашык убакытка созулгандыгы айтылган.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар “1000ге 1000” формуласы боюнча ири согуш туткундарын алмашууну, тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн алардын шарттары менен меморандумдарды иштеп чыгууну макулдашканы расмий түрдө жарыяланган.


















