Орус өкмөтү 30-мартка чейин “атайын аскердик операцияга” катышкандардын баардыгы согуштун ардагери катары таанылышын камсыздашы керек.
Мындай буйрукту Орусиянын президенти Владимир Путин берип, тизмени Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.
Путин адам фронтко кандайча түшкөнү маанилүү эмес экенин баса белгилеп, аскердик операциялардын бардык катышуучуларына бирдей ардагер статусун убадалады.
Орусиянын президенти Владимир Путин мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү 30-мартка чейин киргизүүнү буйруду.
“Өкмөт Орусия Федерациясынын мыйзамдарына атайын аскердик операциянын жүрүшүндө согуштук аракеттерге катышкан адамдардын бардык категорияларын согуштун ардагерлери катарына киргизүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын”, – деп айтылат Кремлдин сайтында жарыяланган документте.
Белгилей кетсек, президент 2025-жылдын 6-мартында өткөн «Мекенди коргоочулар» аскер бөлүгүнүн катышуучуларын колдоо мамлекеттик фондунун кызматкерлери жана камкордукка алынгандар менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тапшырмалардын тизмесин бекиткен.
- Мамлекет башчысы социалдык контракт программасынын алкагында;
- Атайын аскердик операцияга катышкан ардагерлерди колдоонун өзүнчө чөйрөсүн түзүү;
- Операциянын катышуучуларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө региондук социалдык колдоо көрсөтүүнүн негизги стандартын иштеп чыгуу;
- Атайын операциянын катышуучуларынын бардык категорияларына согуштун ардагери статусун ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
- 2014-жылдын май айынан бери ДХР жана ЛХР күчтөрүнүн катарында кеминде алты ай согушкан жарандар аскерге чакыруудан бошотулат;
- Жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу төлөмдөрдү алууга укугу бар адамдардын санына каза болгон операциянын катышуучуларынын бойго жеткен балдарын кошуу;
- Атайын операциянын каза болгон катышуучуларынын жашы жете элек балдары үчүн белгиленген төлөмдөрдү коргоо механизмин камсыз кылуу;
- Операцияда каза болгон катышуучулардын балдары үчүн каралган социалдык колдоонун айрым чараларын алардын жашы жете элек инилерине жана эже-карындаштарына жайылтуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
Мындан тышкары, Путин абактан өз ыктыяры менен фронтко кеткен Storm Z бөлүктөрүнүн согушкерлерине ардагер статусун берүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча көрсөтмө берерин убада кылды.
Эскерте кетсек, Орусиянын Украинага болгон атайын аскердик операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган.
Орусиянын лидери мындай чечимди “Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон Донбасстын тургундары үчүн”,- деп түшүндүргөн.


















