4-июлда Россия менен Украина Стамбулдагы келишимдерге ылайык, туткундардын дагы бир тобун алмашышты.
Маалыматты Россиянын Коргоо министрлиги Telegram каналы аркылуу жарыялады.
“2-июнда Стамбулда жетишилген орус-украин макулдашууларына ылайык, Киев режими көзөмөлдөгөн аймактан орусиялык аскер кызматчыларынын дагы бир тобу кайтарылды”, – деп айтылат маалыматта.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, россиялык аскер кызматкерлери учурда Беларуста жүрүшөт.
Аларга психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат жана баары Россияга кайтарылат. Ошол эле учурда Коргоо министрлигинин мекемелеринде дарылануусун улантышат.
Эскерте кетсек, тараптар 9-июндан бери туткундарды алмаштырууну улантышууда. Андан кийин 10-12-июнда да алмашуулар болду. Акыркы жолкусу 26-июнда болгон.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өлкөлөр учурда кийинки сүйлөшүүлөрдүн мүмкүн болгон күнүн талкуулап жатканын, анын негизги темасы жаңжалдын эки тараптын меморандум долбоорлору болушу керектигин билдирген.
Ошол эле учурда президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкө буга чейин макулдашылган гуманитардык жана алмашуу процедураларын жүргүзүп жатканын, бул процесс аяктагандан кийин сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундунун датасы белгилүү болорун билдирген.
Муну Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы тастыктап, кайтарылган туткундардын көбү 2022-жылдан бери Россиянын туткунунда болгонун билдирди.
“Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана атайын транспорт кызматынын аскер кызматкерлери Украинага кайтып келишти”,-деди ал.
Анын айтымында, кайтып келгендердин арасында жайкын тургундар да бар.
“Алмашуу улантылышы керек, мен муну камсыз кылгандардын баарына ыраазычылык билдирем. Украинанын максаты – бүт элибизди орус туткунунан бошотуу”, – деген ал.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Россиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да тараптардын Стамбулдагы сүйлөшүү процессин жүргүзүүдө туруктуу жардам көрсөткөндүгү үчүн Түркия бийлигине ыраазычылык билдирген.



















