Чоочулоого негиз барбы?
Соңку кезде айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аша чаап, аталган суу сактагыч “какшып калыптыр….” – деп, элди бүдөмүк ойлорго түрткөнгө аракет кылууда. Бул туура эмес.
Адегенде, “суу сактагыч” – деген эмне? Ошону түшүнүп алалы.
Суу сактагыч бул табигий океан, деңиз же көл эмес. Суу сактагыч – бул, дарыялардын агымын текке кетирбей кармап турчу жасалма жай. Анда суу атайы сакталып, айыл чарба багытында иштетилет. Мисалы, Кыргызстанда жалпы көлөмү 1 млрд 735 млн куб метр болгон 33 суу сактагыч бар. Анын бири Орто-Токой суу сактагычы. Чүй өрөөнүнүн багбан-дыйкандарын сугат маалында суу менен камсыз кылуу үчүн курулган атайын резервуар. Керек учурда колдонулат. Сууну кармап жатуунун пайдасы жок.
Жай айларында Орто-Токойдо суунун азаюусу кадыресе көрүнүш. Андан азыр трагедия жасап кереги жок. Ооба, быйыл Кыргызстанда эле эмес, жалпы региондо суу аз болду. Ошондуктан кургакчылыка байланыштуу Орто-Токой суу сактагычында суу ашыкча колдонулду. Бирок күз айынан жазга чейин кайра суу топтоо иштери жүргүзүлөт. Андыктан чоочулоого негиз жок.
Негизи климаттын өзгөрүшү менен суу акыркы жылдары дүйнөдө өтө баалуу товарга айланып баратат. Муну кыргыз бийлиги да жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кийинки жылдан тарта Кыргызстанда дагы 50гө жакын суу сактагычты куруу тапшырмасы коюлду. Бул багытта мамлекет өзгөчө маани берип, катуу иштер жүргүзүлөт.