Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Казакстанда жасалма жамгыр жаадырылды

  • Казакстан, ТОП жаңылыктар
  • 18.05.2026 10:24

Loading

2026-жылдын 16-майында Казакстандын  Түркестан шаарында  жаан-чачынды жасалма көбөйтүү долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү. 17-майдан тартып жасалма жамгыр технологияларын толук масштабда колдонуу башталат. Бул тууралуу Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги (ЖИСӨМ) билдирди.

Долбоор Түркестан облусунда ишке ашырылып, суу сактагычтарды толтурууну көбөйтүүгө жана 900 миң гектардан ашуун айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылууга багытталган. Бийлик жылына 35 млрд теңгеге чейин экономикалык пайда алып келет деп баалоодо. Казакстан бул технологияларды практикалык колдонууга өткөн Борбор Азиядагы биринчи өлкө катары өзүн көрсөтүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, 5 км радиуста локалдык таасир берүү технологиясы колдонулат: учактар аркылуу булуттарга туздардын негизиндеги реагенттер чачылат. Бул ыкма дүйнөлүк тажрыйбада аба ырайын өзгөртүүдө колдонулат. Министрлик бул технология ири масштабдагы аба ырайы кубулуштарын жаратпайт жана суу тартыштыгы бар аймактарга багытталганын белгилейт.

Тема боюнча

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026

Долбоор Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук метеорология борбору менен биргеликте ишке ашырылууда. Бул борбор 1980-жылдардын аягынан бери жыл сайын жүздөгөн булут себүү иштерин жүргүзүп келет. Эмираттарда учактар аркылуу натрий, калий, магний сыяктуу туз кристаллдары чачылат, ошондой эле туз негизиндеги наноматериалдар жана жер үстүндөгү генераторлор да сыноодон өтүүдө. Бирок Казакстанда расмий маалыматтарда нанобөлүкчөлөр же күмүш тууралуу айтылган эмес.

Илимий жана эл аралык уюмдар булуттарды себүүнүн натыйжалуулугу чектелүү жана көбүнчө локалдуу экенин белгилешет. Дүйнөлүк метеорология уюму бул технологияны колдобойт да, тыюу да салбайт, бирок долбоорлор илимий жактан текшерилиши, маалыматтар ачык болушу жана тобокелдиктер бааланышы керек деп баса белгилейт.

WMOнун материалдарында айтылгандай, аба ырайын өзгөртүү — атмосфералык процесстерге кийлигишүү болуп эсептелет. Анын таасири убакыт жана масштаб боюнча чектелүү болушу мүмкүн, ал эми коңшу аймактардагы жаан-чачындын бөлүштүрүлүшүнө кандай таасир этери толук изилдене элек. Ошондуктан узак мөөнөттүү байкоо жана көз карандысыз мониторинг талап кылынат.

Эмираттардагы тажрыйба да талкууларды жаратууда: расмий маалыматтар жаан-чачын 10–35% көбөйгөнүн көрсөтсө да, айлана-чөйрө адистери жана суу дипломатиясы боюнча эксперттер узак мөөнөттө экосистемаларга, топуракка, өсүмдүктөргө жана адамдардын ден соолугуна таасири болушу мүмкүн экенин эскертишет.

Эл аралык деңгээлде дагы бир коркунуч айтылууда: жасалма жамгыр бир аймакта жаан-чачынды көбөйтүп, башка аймактарда азайтышы мүмкүн. Борбор Азия сыяктуу трансчек аралык суу бассейндеринде бул саясий талаштарга алып келиши ыктымал.

Ушул себептен WMO жана эксперттер маалыматтарды ачык бөлүшүү, коңшу өлкөлөр менен кеңешүү жана аймактык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешет. Айрыкча Сырдарья жана Амударья бассейндери сыяктуу суу ресурстары татаал болгон аймактарда бул маанилүү.

Казакстандын расмий өкүлдөрү коопсуздук маселелерине жооп берип жатып, коомчулукту тынчтандырууга аракет кылышууда. Экология министрлиги бул жерде «кислоталуу жамгыр» же кооптуу химикаттар жөнүндө сөз жок экенин, колдонулган заттар тез тарай турган жана олуттуу булганууга алып келбеген туз негизиндеги реагенттер экенин билдирет.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: жасалма жамгырКазакстанкургакчылык
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын алмаштырды

Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын алмаштырды

16.11.2026
Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

13.11.2026
Токаев бай казакстандыктар үчүн жогорулатылган салык киргизүүнү сунуштады

Токаев бай казакстандыктар үчүн жогорулатылган салык киргизүүнү сунуштады

29.10.2026
К. Токаев бүгүн Казакстан элине  кайрылуу жасайт

К. Токаев бүгүн Казакстан элине кайрылуу жасайт

28.10.2026
Иран менен Казакстан «Түндүк — Түштүк» транспорттук коридорун өнүктүрүүдө

Иран менен Казакстан «Түндүк — Түштүк» транспорттук коридорун өнүктүрүүдө

22.10.2026
«Суунун тартыштыгы Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө олуттуу чектөө болуп баратат» — Шавкат Мирзиёев

«Суунун тартыштыгы Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө олуттуу чектөө болуп баратат» — Шавкат Мирзиёев

08.10.2026
Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын аккаунттары убактылуу токтотулушу мүмкүн

Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын аккаунттары убактылуу токтотулушу мүмкүн

08.10.2026
Казакстанда үч жаңы аэропорт курулат

Казакстанда үч жаңы аэропорт курулат

05.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.