Кечээ, 16-октябрдын кечинде Бишкек шаарынын мектеп окуучуларына “физикалык зомбулук көрсөтөм” деп коркуткан чет элдик жарандын видеосу тарагандан кийин ата-энелер бир кыйла дүрбөлөңгө түштү.
Буга Билим министрлиги дароо реакция жасап, борбор калаадагы мектептерди онлайн режимине өткөрүү чечимин кабыл алды. Ал эми Ички иштер министрлиги билдирүү тараткан адамдын изине түштү.
Укук коргоо органдырынын ыкчам иликтөөсүнүн жыйынтыгында кооптуу билдирүүнү тараткан адамдын өздүгү такталып, мурда Россия Федерациясынын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, издөөгө алынган Украинанын жараны, 2005-жылдын 23-октябрында туулган Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты.
Анын өздүгү такталгандан кийин Бишкек мэриясы шаар мектептеринде мурда киргизилген онлайн окутууну жокко чыгарып, кайрадан оффлайн режиминде кармоо чечимин кабыл алды.
“Учурда тизмедеги бардык мектептер текшерилип, эч кандай шектүү объектилер жана коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар аныкталган жок. Милиция кызматкерлери окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздап, күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Мындан улам муниципалдык мектептерди оффлайн режиминде кармоо чечими кабыл алынды”, – деп белгиледи Бишкек мэриясы.
Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, борбордогу бир катар мектептердин окуучуларына карата тараган коркутуулар кылдат текшерилүүдөн өткөн.
“Окуу жайларда зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталган жок”,- деп билдирди ИИМ.
Ички иштер министрлиги кошумчалагандай, издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстандын аймагында жүргөндүгү катталган эмес.
Ярослав Овсюк ким?
2024-жылдын март айында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги россиялык мектеп окуучуларын теракт жасоого үндөгөн украиналык Ярослав Овсюкту издөөгө алып, анын профилин агенттиктин издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине кошкон.
РБК басылмасы белгилегендей, 2005-жылы туулган украиналык Овсюк Ярослав өлкөнүн кылмыш-жаза кодексинин негизинде издөөгө алынган.
“Овсюк 2022-жылдын мартында Сочиде “Колумбайн” кыймылынын (террорчу катары таанылган жана Россияда тыюу салынган) интернет коомчулугунун администраторун камакка алууга катышкан”,- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, 2021-жылдын ноябрь айында Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан Казанда билим берүү мекемесине кол салууну пландаган өспүрүмдү кармагандыгы айтылган. Анда өспүрүмдү кылмышка “Telegram” колдонуучусу, Украинада жашаган Ярослав Овсюк үндөгөн” деп ошол кезде өлкөнүн коопсуздук кызматы тактаган.
“Овсюк үндөп кармалган өспүрүмдүн үйүнөн пневматикалык мылтык, байланыш каражаттары жана мектепке кол салуулар тууралуу материалдар табылган. Кармалган адамдын смартфонунан коопсуздук кызматкерлери пневматикалык мылтыкты ок атуучу куралга айландыруу боюнча издөө иштерин табышкан”,- деп жазган РБК.
Дүрбөлөңгө түшүүдөн жана таркатуудан мурун маалымат такталышы керек
Соңку үрөй учурган окуялар маалымат айдыңындагы айрым жагдайлар социалдык тармакты колдонуучулар тарабынан такталбастан, ошол эле учурда укук коргоо органдарынын билдирүүлөрүнө таянбаган жагдайда кеңири жайылтылууда. Бул карапайым калкты дендароо абалга түшүрүп, дүрбөлөнгө салып койгондугу чындык.
Кыргызстандагы акыркы үрөй учурган окуяларга байланыштуу Журналист Ибраим Нуракун уулу өзүнүн пикирин мындайча билдирди:
“Криминалдык журналистика – бул айрым учурларда сенсация кууп, оор, резонанстуу кылмыштар тууралуу тергөө толук жыйынтыктала электе эле маалыматтарды жула качып жарыялап, өз алдынча иликтөөлөрдү жүргүзүп, атүгүл детектив жалдап, ошонун негизинде материал жасап, шашылыш чыгарып ийип, аудитория, окурмандарынын, катталуучулардын санын көбөйткөн багыттардын бири. Дүйнөлүк практикада ушундай.
Бул көрүнүш тергөөнүн кызыкчылыгы, купуялуулугу, сот процессинин нейтралдуулугу деген эрежелерге ар дайым карама-каршы келет”,- деп жазды ал өзүнүн фейсбук баракчасына.
Журналист өзүнүн тажрыйбасына таянып, мамлекеттик деңгээлдеги шашылыш иш болгон учурда деле ИИМдин басма сөзү аркылуу, расмий, юристтер менен кеңешип, профессионалдуу деңгээлде жасалса туура болорун баса белгиледи.
Активист, соц.тармактын колдонуучусу Атай Бейшенбек Ярослав Овсюк тууралуу өзүнүн орчундуу пикири менен бөлүштү.
“Достор, кечээки окуя бир шек жараткан маалымат таратуунун алдында аны тыкыр текшерүү, расмий маалыматтар менен салыштыруу, сөзсүз тактоо керек экендигин көрсөттү. Азыркы доордо ар ким жасалма интеллект же жөн эле ар кандай онлайн платформа аркылуу сүрөттү өзгөртүп, элди адаштырып, паникага салып кое алат.
Ошондуктан кандайдыр бир күмөндүү маалыматты көргөндө текшербей туруп таратуудан алыс бололу. Адегенде кайдан чыкканын, тараткан булак ишенимдүүбү карагыла, сүрөттү Google же Яндекс аркылуу издегиле, анан ишенсе болот”,- деп жазды Атай Бейшенбек.
Ал кечээ күнү Овсюктун билдирүүсү 2ГИС платформасынын негизинде экендигин, сүрөттөрүн алып рюкзак кошуп, өзүнүн телеграмм каналы менен жасалма интеллект аркылуу элди чаташтыргандыгын кошумчалады.
Даярдаган Т. Кожомбердиева


















