Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ойлондурган Оштун жолдору…

  • Аналитика
  • 18.11.2024 17:39

Loading

Дүйнөдөгү көпчүлүк шаарлардай эле, Ош шаарындагы автоунаалардын саны көбөйгөндөн көбөйүп, айрыкча акыркы 5 жылда авто тыгын күч алгандан күч алды. Аны чечүү боюнча шаардык бийликтин 2-3 долбоору болгону менен акчанын айынан анысы толук ишке ашпай отурат.

Туура, өткөн жылы 31-август, Эгемендүүлүк күнүнө карата Масалиев менен Навои көчөлөрүнүн кесилишинде айланма өтмөк көпүрө куруп, тыгынды бир аз азайтты десе болот. Бирок мындай айланма өтмөк көпүрөлөрдү бир эмес, бир нече жерге куруу пландалган менен ишке аша элек. Азыр Монуев көчөсүндө салынып жаткан эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулушу көптөгөн көйгөйлөрдү көл жээгине калкытып чыгарып отурат. Эмесе, кеп башынан болсун.

Ош – байыркы шаар болгондуктан, жаңыдан түптөлгөн башка шаарларга салыштырмалуу калаанын ички жолдору рационалдуу бөлүштүрүлгөн эмес. Баш аламан жайгашкан жеке турак үйлөр көчөлөрдүн бир кылка түптөлүшүнө шарт түзө албаптыр. Дагы жакшы эң чоң деп ишенген үч көчөнү (Масалиев проспектисин, Курманжан датка жана Ленин көчөлөрүн) – стандартка бир аз туура келет десе болот. Анткен менен каза келсең, анын деле кенедей кемчилиги чыга келет.

Тема боюнча

Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

19.05.2026

Азыркы заманда ар ким эле автоунаа сатып алып, шаарда автотыгын күч алган көрүнүш бизде эле эмес, дүйнөдөгү дээрлик бардык шаарларда бар. Ушундай эле көрүнүштү Ош шаары деле кайкып өтө алган жок. Жогоруда айткандай, жолдорду кеңейтип, автотыгындарды азайтуу үчүн шаардык бийлик аракетин көрүп жатканы менен анысы аздык кылат дегенге көпчүлүк макул болсо керек. Биз сөз кыла турган нерсе – калаадагы Монуев көчөсүндө салынып жаткан эки деңгээлдүү жол өтмөгүн куруп жатканда чыккан көйгөйлөрдү санап берүү болду.

Туура, жолдор салынып, курулуштар токтобой жүргүзүлүп туруш керек. Бирок, ал шаардыктарга, шаарга келген конокторго тоскоолдук жаратпаш керек да. Тоскоолдук болсо да, мынчалык болбош керек эле. Тактап айтканда, аталган көчө – адамдын артериялык кан тамырындай эле болчу. Шаарга киргени да, чыкканы да ушул Монуев көчөсү аркылуу болчу. Буга чейин деле автотыгын күч болуп, араң кирип-чыккан жарандар азыр бул жол такыр жабылганына байланыштуу, ыңгайсыздыктын үстүнөн дагы ыңгайсыздык жаралып, кычык көчөлөрдү издеп жүрүшөт. Анысын араң тапсаң, “бомба” түшкөнсүп, ошол кычыктардагы жолдордун баары аңгек болуп калганун айтып бүтө албайсың. Тиешелүү кызматтар шагал төгүп, грейдер салып койсо бир жери сынып калбаса керек эле. Буга негизинен облустук оорукананын арт жагындагы бир эмес, бир нече көчөлөрдү айтууга болот. Шаардык кызматтар унчукпаганынан, жолго жашоочулар өздөрү шагыл төктүрүп, тегиздеп жатышты.

Аталган курулуш тууралуу азыноолак айта кетели. Ушул жылдын 19-июнунда башталган эки деңгээлдүү жол өтмөгү шаардагы Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде салынууда. Алгач шаардык архитектура тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, алып салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жалпы жумуш 600 метр аралыкта жүрүүдө. Жол мурункудан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулууда. Ал быйыл кышка чейин пайдаланууга берилери пландалган. Жалпы сметалык баасы 269 млн сом деп бааланган. Курулуш иштерине байланыштуу 25-октябрдан тарта Монуев көчөсү бир тараптуу жабылган.

Бул жолдун курулушунан чыккан көйгөйлөр Ошко кире бериштеги “Т” кесилишиндеги жолду ачууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү эртелетти. Тактап айтканда, 18-ноябрда кабарлангандай, шаарга кирип-чыгуу багыттары боюнча аталган жол ачылды. Буга чейин 800 метрине асфальт төшөлбөй, анын айынан ачылбай турган жолго бир жума башта УКМК төрагасы К.Ташиев өзү келип көрүп чыккан эле.

Негизи бул жолдун курулушу 2023-жылдын декабрь айында башталган. Жол пайдаланууга берилгенден кийин Ош шаарына кирүүдө 6 чакырым жол кыскарат дешүүдө. Жалпы узундугу 3,4 чакырым болсо, туурасы 8 метр.

Күн мурун Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте бул жолду текшерип чыгышты. Анын алкагында, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагына караган 600 метр аралыгын кеңейтүү жана жеке менчик үйлөрдү жылдыруу боюнча жеринде кеңешме өтүп, жашоочулар менен жолугушуу болду.

Анда маалым болгондой, бүгүнкү күндө жалпы жолдун 3,4 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөн. Ал эми калган 600 метр аралыгын (Зухра ресторанына чейин) кеңейтип оңдоо иштери калган. Учурда аталган 600 метр жолду төрт тилкелүү кылып салуу үчүн долбоор даярдалган. Анда жолго чыккан 28 жеке менчик үй бар экени көрсөтүлгөн. Облус жетекчиси турак үйлөрдүн баарын кыдырып көрүп, ээлери менен жеринде сүйлөшүп, жолду кеңейтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анда тургундарга атайын көз карандысыз адистер үйлөрдү баалап чыккандан кийин, мыйзам чегинде жер тилке каралып, компенсация төлөнүп берилээрин айтышты. Облустук бийликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ага чейин каттам үзгүлтүккө учурабайт, жолду убактылуу оңдоп-түзөө иштери менен кошо кеңейтүү иштери жүргүзүлө берет.

Ошентип Ош облустук оорукананын жанында жүрүп жаткан эки деңгээлдүү жолдун курулушу көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып, аны менен бирге чечип да баратат. Тактап айтканда, анын шарапаты менен дээрлик бир жылдай бүтпөй турган 4 чакырымдай “Т” кесилишиндеги жол пайдаланууга берүү эртелетилсе, курулуштун айынан шаардан чыгуу көйгөйү – көкөйдү кесе турган болду.

Эми бул эки деңгээлдүү жол бүтүп калса, автотыгын болбой, жыргап калабыз дегенди билдирбейт. Мындан өтсө, Монуев-Масалиев кесилиштери жүргүнчүлөрдү түйшөлтөт. Анткени бул жерде кесилиштен өткөн жөө жүргүнчүлөрдүн автотыгын пайда кылууга чоң мүмкүнчүлугү бар. Сага жашыл жанса, аларга да жанат, анан бурулуп атып жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй көр…

Буга чейин бул жерге, т.а. Монуев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр үчүн айланма көпүрө салынат деп долбоорун жарыялашкан болчу. Бирок ишке ашкан жок. Ал эми шаардын Кулатов жана Төлөйкөн кичи райондорундагы айланма жолдо салынган Барсбектин эстелиги алынып, ал жерге да жаңы курулуш түшөт дешкен. Азырынча мындан да кабар жок.

Бирок эмне гана болбосун, автотыгындарды азайтуу үчүн кесилиштердеги тоскоолдуктарды жеңилдетүү – заман талабы болуп турат. Ага бир гана аракет керек.

А. Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: автотыгынжол көйгөйүОш
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык фестивалдын гран-при байгесине ээ болду

Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык фестивалдын гран-при байгесине ээ болду

23.10.2026
Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

19.05.2026
Экология жана энергия: Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

Экология жана энергия: Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

05.05.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

21.03.2026
Ош шаарында мэр алмашты: Токторбаев кетип, ордуна Акаев келди

Ош шаарында мэр алмашты: Токторбаев кетип, ордуна Акаев келди

19.02.2026
Ош шаарында Алишер Навоинин эстелиги тургузулду

Ош шаарында Алишер Навоинин эстелиги тургузулду

12.12.2025
Ооганстанда телекөрсөтүүлөр акырындык менен токтотулуп жатат

Шайлоо болду, шайлоонун эртеси да болду. Эмнелер эсте калды?..

01.12.2025
«Аша чапканды токтоткула!»: Президент Бишкек менен Оштун мэрлерин катуу зекиди

«Аша чапканды токтоткула!»: Президент Бишкек менен Оштун мэрлерин катуу зекиди

14.11.2025
Ирандык бизнес өкүлдөр Оштогу Өндүрүш аймагына капсула салуу аземине катышты. Сүрөт

Ирандык бизнес өкүлдөр Оштогу Өндүрүш аймагына капсула салуу аземине катышты. Сүрөт

12.11.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.