АКШнын президенти Дональд Трамп жана Коргоо министрлиги (Пентагон) азайып кеткен курал-жарак жана ок-дары запастарын толуктоо боюнча чараларды көрүп жатышат. Бирок бул тартыштыкты кыска мөөнөттө жоюу мүмкүн эмес. Бул тууралуу The New York Times (NYT) басылмасы эки маалыматтуу булакка таянып жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, Трамп менен Пентагондун жетекчилиги ушул жумадагы жыйындарда ок-дары запастарын калыбына келтирүү боюнча эки багыттуу стратегияны талкуулашкан.
Булактардын айтымында, АКШ администрациясы бир жагынан коргонуу өнөр жай компанияларын колдонулуп бүткөн курал системаларын өндүрүүнү тездетүүгө чакырып жатат. Экинчи жагынан болсо, Иранга каршы жүргүзүлгөн операциялардан улам кескин азайган ок-дары запастарын толуктоо үчүн Конгресстен кошумча каржылоо бөлүүнү талап кылууда.
Басылма белгилегендей, аскердик арсеналды кайра толуктоо өтө татаал процесс болуп саналат жана бул маселени тез арада чечүү мүмкүн эмес. Аты-жөнүн атагысы келбеген эки аткаминердин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Ак үйдө өткөн жолугушууда коргонуу өнөр жайынын өкүлдөрү Трамптан өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү үчүн кошумча каржы бөлүүнү суранышкан.
Басылманын маектештеринин бири билдиргендей, Трамп мурдагы жолугушууларга салыштырмалуу бул жолу коргонуу тармагынын өкүлдөрүнө карата көбүрөөк мунасачыл позицияны карманган. Ошондой эле ал Вашингтон администрациясы кошумча каржылоо булактарын издеп жатканын билдирген.
Бирок Трамп администрациясынын аскердик чыгымдарды көбөйтүү үчүн кошумча 70 миллиард доллар бөлүү тууралуу өтүнүчү Конгрессте олуттуу каршылыкка туш болушу күтүлүүдө.
Мыйзам долбоорунун Сенаттан өтүшү үчүн республикалык жана демократиялык партиялардын өкүлдөрүнүн тең колдоосу талап кылынат. Бирок Демократиялык партиянын көпчүлүк өкүлдөрү мурда эле өздөрү колдобогон согуштук аракеттерди каржылоого макул эместигин билдиришкен.
Тынч океан аймагындагы мүмкүн болгон жаңжал боюнча кооптонуу
NYT басылмасынын маалыматына караганда, запастарды толуктоо маселесинен тышкары, эки партиянын айрым мыйзам чыгаруучулары Трамптын Иран менен согушту токтотууга багытталган келишимине күмөн саноо менен карашууда. Ошондой эле алар президентти жана коргоо министрин бул жаңжалды баштаганы үчүн сынга алышууда.
Басылманын жазышынча, Иранга каршы согуш Пентагондун арсеналын олуттуу түрдө азайткан. Анткени жаңжал учурунда АКШ Кытай менен болушу мүмкүн болгон аскердик кагылышуу үчүн сакталган 1 100гө жакын алыс аралыкка учуучу «стелс» канаттуу ракеталарын колдонгон. Белгиленгендей, бул сан азыр АКШнын арсеналында калган ушундай ракеталардын санына дээрлик барабар.
Ошол эле учурда өткөн айда жарыяланган Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) баяндамасында АКШнын Иранга каршы мүмкүн болгон операцияларды жүргүзүүгө жетиштүү ок-дары запасы бар экени айтылган. Бирок анда арсеналдын кыскарышы Батыш Тынч океан аймагында болушу мүмкүн болгон жаңжал учурунда олуттуу алсыздык жаратарын белгиленген.
Баяндамада мындай деп айтылат:
«Ошондуктан колдонулуп кеткен ок-дары запастарын калыбына келтирүүгө керектелген убакыт барган сайын олуттуу тынчсызданууну жаратууда».


















