АКШнын аэрокосмостук жана коргонуу өнөр жайындагы компанияларга жасалма интеллект (ЖИ) үчүн маалыматтарды иштетүү борборлорун (ЦОД) куруу күч алгандыктан, жумушчу күчүн жана өндүрүш ресурстарын табуу кыйындады. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.
Технологиялык гиганттар менен атаандаштыктын күчөшү буга чейин эле авиакомпаниялардын жана аскердик тармактын суроо-талабы өсүп жаткан шартта иш алып барган тармакка кошумча оорчулук жаратууда.
АКШнын Аэрокосмостук өнөр жай ассоциациясынын жетекчиси Эрик Фэннинг тармактын жеткирүүчүлөргө тийгизген таасири өндүрүш көлөмүнүн салыштырмалуу аздыгы менен чектелерин түшүндүрдү.
«Биз керектөөчү электроника өндүрүүчүлөрү, маалыматтарды иштетүү борборлору же автомобиль өнөр жайы сыяктуу көлөмдө сатып алууларды жүргүзбөйбүз», — деди ал Financial Times басылмасына берген маегинде.
Ошол эле учурда 2025-жылы бул тармактын кирешеси 1 триллион АКШ долларына жакындаган.
Фэннингдин айтымында, жасалма интеллектке болгон суроо-талаптын өсүшү эс тутум микросхемаларынын (чиптердин) баасынын кымбатташына алып келди. Ал эми алдыңкы үлгүдөгү микросхемаларды өндүрүү тармакта колдонулган эски үлгүдөгү чиптерди чыгарууга бөлүнгөн өндүрүштүк кубаттуулуктардын кыскарышына себеп болду.
Инженердик жана курулуш компаниясы BRPHнын өкүлү Эндрю Либи маалыматтарды иштетүү борборлорун куруучулар подрядчылар, болот материалдары жана заводдор үчүн жабдуулар боюнча атаандаштыкты дагы күчөткөнүн билдирди.

















