Бул тууралуу КР Президенти Садыр Жапароов Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгана карата Ош шаарында туу көтөрүү аземине катышып жатып билдирди.
“Урматтуу мекендештер, алыс-жакында жүргөн журтташтар, бүгүн элибиз кубана турган дагы бир жакшы жаңылыкты жар сала кетейин, Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздык майрамынын урматына, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер аталарыбыз Насирдин Исанов менен Абды Сүйөркуловго “Кыргыз Республикасынын баатыры” деген жогорку наамды ыйгаруу боюнча чечим кабыл алдым”,-деди С.Жапаров.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, 31-августта, Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдына көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун эстелиги ачылды. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, мамлекеттик ишмердин өмүр таржымалына кыскача токтолду.
Ошондой эле аталган университетте “Кыргызстандын эгемен жолундагы Насирдин Исановдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аттуу илимий-практикалык конференциясы өттү.
Анда Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн көрүлгөн тарыхый процесстер талкууланды.