(Баатырдын бейнеси)
Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгонуна быйыл 32 жыл болду. 3000 жылдык тарыхыбыздын алкагында караганда бул кыска эле убакыт. Узак тарыхыбызда кыргыздын жылдызы жанып, улуу каганат түптөп көккө сермелдик, кээде тарыхтын кыйчалыш учурунда мамлекеттүүлүгүн жоготуп күнкор абалга кептелдик, эчендеген оор сыноолорго кабылдык. 3000 жылдык тарыхта кыргыз эли менен канатташ жашаган эчен элдер аталышы гана тарыхта калып, мамлекеттүүлүгүн гана эмес, жер жүзүнөн өздөрү жок болушту. Кыргыз эли тарыхтын татаал сыноолорунда, баскынчылардын жапырыгында жерин таштап жапырт качкан учурлар болду, бирок жок болбоду. Мекенинен ажырап азапка батып түтөдү, бирок мүңкүрөбөдү, тескерисинче күчөдү. Кайрадан өз мекенин душмандардан бошотуп, түндүк көтөрүп, Улуу Көчүн улады. Эл болуп сакталып келди. Мамлекеттүүлүгүн жоготподу. Мындай бактыга ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген эл гана татыктуу боло алат!
Эгемендүү мамлекеттин 32 жылдык баскан жолу соңку жылдары өзүнчө изилдөөгө, ар тараптуу талдоого алынып келет. Өлкөнүн өнүгүү жолундагы өрнөктүү учурлар, ортодогу оош-кыйыштар менен тоскоолдуктар, мамлекет башында турган президенттердин, өкмөт башчылардын жана жалпы эле эгемендүү мамлекеттин түптөлүшүнө, калыптанышына, өнүгүшүнө жана ошол эле учурда таланып-тонолушуна жооптуу жетекчилердин ишмердиктери да изилдөөгө алына баштады. Алардын арасында быйыл 80 жылдык мааракеси белгиленип жаткан эгемендүү өлкөнүн алгачкы өкмөт башчысы Насирдин Исанов да бар. Биз бул баяндамабызда анын өмүр жолундагы айрым учурларына гана токтолмокчубуз.
Насирдин Исанов совет доорунда билим алган, эмгек жолун баштаган, жетекчилик тепкичтерди басып өтүп, эгемендүү өлкөнүн алгачкы өкмөт башчылыгына чейин көтөрүлгөн кыргыздын сыймыктуу уулу. Анын жетекчилик кызматка келишине элибиздин дагы бир даңазалуу инсаны, адамдык жана жетекчилик улуу сапаты менен эл арасында зор кадыр-баркка ээ, улуттук лидерге айланып бара жаткан Султан Ибраимов себепкер болгон. Насирдин Исановдун мыкты кесипкөйлүгү, терең билими, аналитикалык жетик ой жүгүртүүсү, жупуну таза жашоосу, инсандык бийик сапаты Ош обкомунун 1-катчысы Султан Ибраимовго жаккан. Келечектүү жаш адисти “Ошшааркурулуш” трестинен (1966-1974) Ош облустук партиялык кызматка, инструкторлукка алып келген. Ал жерден жетекчилик мыкты сапаты менен бат эле айырмаланып, “Нарынсууэнергиякурулуш” башкармасынын парткомунун башчысы кызматына көтөрүлгөн. 30 жаштын тегерегиндеги жаш жетекчи барган жумушунан өзүн жакшы жагынан көргөзүп, 1974-жылы Кыргызстандын жарымын түзгөн Кыргызстан ЛКЖСМ Ош облусунун 1-катчысы кызматына келген. Мына ушул кызматта Султан Ибраимовдун кол алдында 4 жыл чогуу эмгектенген. Анын көп насааттарын уккан. Адамгерчилик жана жетекчилик бийик сапаттарын жакындан көрүп тарбияланган. Тазалыгын, принциптүүлүгүн туу тутуп өрнөк алган. Бул учур Насирдин Исановдун жетекчилик кызматка калыптанган мезгили болгон.
Кээде биз тарыхчылар тарыхта болгон окуяларды, ошондой эле тарых кыйгап өткөн учурларды талдоого алабыз. Өзгөчө кыргыздын чыгаан инсаны, Насирдин Исановдун жакын устаты Султан Ибраимов 1980-жылы 4-декабрда каргашалуу жана табышмактуу каза болбогондо, ал Кыргызстан Компартиясынын БКсынын 1-катчысы кызматына келип, 1990-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодо жеңип чыгып, бери дегенде эки мөөнөт мамлекетти башкарып калмак. Анда эгемендүү өлкөбүз таптакыр башка нукта өнүгүп, Кыргызстан бүгүн өнүккөн мамлекетке айланмак. Андан соң президенттик кызматты 60 жашка чыга элек Насирдин Исановго өткөрүп бермек. Ошондой болгондо өлкө мынчалык таланып-тонолууга кабылмак эмес… Тилекке каршы бардыгы андай болбой, тарых башкача нукта өнүктү.
Насирдин Исанов Ош облус жаштарынын лидери кызматынан кийин Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары (1983-1986), Кыргыз ССринин Курулуш министри (1986-1988) кызматын аркалаган мезгилде Бишкек шаарындагы жаңы курулуш иштерине (Ак үй, Ала-Тоо аянты, Тарых музейи сыяктууу) түздөн-түз жетекчилик кылып, анын жеке демилгеси менен Макмал алтын комбинаты курулуп ишке берилген. Ошол кезде эле Кумтөрдөгү алтын кенин иштетүү анын башкы максаттарынын бири болуп, курулуш иштерине даярдыктар көрүлө баштаган. 1988-1990-жылдары Ысык-Көл облустук Советинин аткаруу комитетинин төрагасы кызматында турганда да бир нече жолу Кумтөргө барышы аны далилдеп турат. Бирок ал кезде дал ушул Кумтөр алтын кени анын ажалына себепчи болуп калаарын кайран киши кайдан билсин!
Кумтөрдөгү алтын кенин геологдор 1978-жылы эле толук чалгындап, анда 700 тоннадан ашуун алтын запасы бар экени аныкталган. Ал алтын кошулмасынын байлыгы жана корунун көптүгү боюнча ошол кездеги СССРдин аймагында эле эмес дүйнөдөгү алдыңкы орундарды ээлеген. Советтик державанын ыдырашы, Кыргызстандын эгемен өлкөгө ээ болушу менен Кумтөр алтын кени талаштын чордонуна айланган.
1980-жылдын соңку жылдарында Кыргызстанда эгемендүү мамлекет болобуз деген күрөшчүл жаңы күчтөрдүн аракети басымдуулук кыла баштады. Өз жерине ээлик кыла албаган жаштар үй курганга жер талап кылып чыгышты. “Ашар” козголоңу башталды. Демократияга багыт алган күчтөр биригип КДК уюму түзүлдү. Бийликтин алсыздыгынан Түштүктө улут аралык жаңжал чыкты. Бийлик кризиси күчөдү. Натыйжада бийлик үчүн күрөш күчөдү. 1990-жылы октябрда Компартиянын жетекчилери ич ара жаатташып, Жогорку Кеңеште өткөн президенттик шайлоодо ит жыгылыш болуп тынышты. Соңку таймашта Москвадан шашылыш чакыртылган Аскар Акаев атаандашы Насирдин Исановду аз гана добуш менен утуп чыгып мамлекет башына келди. Жогорку Кеңештин депутаттарынын, коомчулуктун талабы менен жаңы шайланган президент Насирдин Исановду алгач вице-президент, көп өтпөй Премьер министр кызматына дайындоого аргасыз болду. Тажырыйбасыз, өндүрүштөн алыс, жетекчи болуп толук калыптана элек Аскар Акаевге караганда бүт баскычтарды басып, өндүрүштү мыкты билген, жетекчи болуп толук калыптанган Насирдин Исановдун эл арасында кадыр баркы бийик эле. Өлкө келечегине карата экөөнүн аракети, максаттары да эки башка экени дароо билине баштады. Өзгөчө “Кумтөр алтын кенин келечекте ким иштетет, кимдин кызыкчылыгына иштейт?” – деген маселе аны ачык далилдеп койду.
Ошол кезде Кумтөр алтын кенине көз арткан державалар, арканды алыс ыргыткан андагы алчы-таасын жеген “инвестор” атыккандардын алды Айтматовду пайдаланып, ал аркылуу алгачкы президент Аскар Акаевге жакындашып, резиденциядан орун алып, Ак үйдүн жетинчи кабатында сайран кура баштады. Эгемен өлкөдө ошентип түбү литвалык, өзү Канаданын жараны Борис Бирштейн деген табышмактуу фигура пайда болду. Ал 1991-жылы Аскар Акаевдин инвестиция тартуу боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Анын Швецарияда катталган “Сиабеко” деген компаниясы Кумтөрдөгү алтын кенин иштетүү үчүн алтын иштетүү жаатында эч кандай тажрыйбасы да, ага эч тийешеси да жок канадалык “Камеко” корпорациясын ээрчитип келди. Президент кеңешчиси Бирштейндин азгырыгына ишенип, дароо “Камекону” колдоп чыкты. Ал эми мамлекет башчысына караганда алда канча тажырыйбалуу, алтын кенин иштетүү жаатын мыкты билген өкмөт башчы Исанов башынан эле Бирштейндин азгырыгына азгырылбады.
Тескерисинче Кумтөр алтын кенин чет өлкөлүк шектүү компанияларга бербей, Макмалдагыдай эле өз күчүбүз менен иштететебиз деген пикирди карманды. Аны Насирдин Исановду жакшы билген жакын санаалаштары өз интервьюларында, эскерүүлөрүндө айтып келишет. Ал гана эмес каза болоорунан бир ай мурда Аскар Акаев, Майрам Акаева болуп чогуу Канадага барып келгенден кийин өмүрлүк жолдошунун маанайы пас болуп жүргөнүн, кайдагы бир аты-жыты белгисиз, шектүү компанияга Кумтөр алтынын бергени жатканына нааразы болгонун маркумдун жубайы Бузунай Исанова өз маектеринде эскергени бар.
Ал дагы бир интервьюсунда Аскар Акаев жубайын эрчитип үйүнө келгенин, кайсыл бир талаш маселени талкуулап жатканда Насирдин Исанов Майрам Акаеваны мамлекеттик ишке кийлигишпешин эскерткенде, биринчи айым бышып жаткан тамакты таштап, Акаевди кеттик деп ээрчитип чыгып кеткенин Бузуйна эже эскерет. Демек, бул маалыматтардын бардыгы Кумтөр кени боюнча Акаев менен Исановдун пикири дал келбей, ортодо катуу күрөш жүргөнүн ырастайт. Ар дайым тазалыкты туу туткан, туура принципти тутунган, мекендин, мамлекеттин кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга койгон Насирдин Исанов Кумтөр боюнча келишимге кол коюудан баш тартып келген. Ал келишимге Насирдин Исанов каза болгондон кийин өкмөт башына келгендер кол коюшканы тарыхта белгилүү.
1991-жылдын 29-ноябрындагы шектүү жол кырсык да бүгүнкү күнгө чейин укуктук жактан толук иликтенбей, чындык элге жетпей келет. Эгемен өлкөнүн тунгуч өкмөт башчысы Насирдин Исанов менен анын устаты, 1980 жылдын декабрь айында киши колдуу болуп каза болгон өкмөт башчы Султан Ибраимовдун соңку тагдыры үндөшүп кетет. Султан Ибраимовду да Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияга эс алууга ошол күнү сөссүз баруусун ошол кездеги республиканын партия жетекчиси Турдакун Усубалиев улам-улам айтып, акыры анын айтканына макул болуп барган жеринен кырсыкка кабылып жатат. Насирдин Исановду да өзүнүн кеңешчиси Борис Бирштейн менен Таш-Көмүрдөгү Кристаль заводуна бирге баруусун Аскар Акаев улам-улам айтканынан улам, ооруп жатканына карабай жолго чыгып, жолдон кырсыкка кабылып, машинадагы төрт адамдын арасынан жалгыз өкмөт башчы гана каза болуп, Султан Ибраимовдун каргашалу каза болушу кайталангандай пикир жаратат.
Ошентип Кумтөр алтын кенинин алгачкы курмандыгы эгемен Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исанов болгону тарыхта таасын жазылуусу керек. Эгерде Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча анын сунушу, тилеги ишке ашканда алтын башынан эле Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеп, эгемен өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошмок. Кумтөр алтын кени эгемен өлкөнүн 30 жылдан ашуун тарыхында көптөгөн күрөштүн чордонуна айланды. Өлкөдө эки жолу эл көтөрүлүп, коррупцияга белчесинен баткан президенттерди кууду. Акаевден кийин бийликтин бийик сересин ээлеген 4 президент тең Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарып бере алган жок. Алар өздөрү Кумтөрдө казылган коррупция оруна түшүп, андан чыга алышпады.
Кыргызстандын тунгуч өкмөт башчысы Насирдин Исановдун тилеги көп жыл бою аткарылбай, 400 тоннага жакын өндүрүлгөн алтын өлкө кызыкчылыгына жумшалбай, сыртка ташылып кетти. Алгачкы өкмөт башчынын артынан Кумтөрдү элге кайтарам дегендер куугунтукка алынып, алды түрмөгө камалып, өмүрүнө зор коркунучтар жаралды. Акырында зор күрөштүн арты менен Кумтөр алтын кени элге кайтарылды. Кумтөр алтын кени өлүмүнө себепчи, эгемен өлкөнүн алгачкы курмандыгы болгон тунгуч премьер-министр Насирдин Исановдун тилеги аткарылды.
Кыяс Молдокасымов.
P.S. Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).
Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.