Кумтөр кени мамлекеттин карамагына алынгандан кийин деле, айрым саясатчылар кендин айланасында саясий чайкоочулук кылганын токтоткон жок.
Мисалы: кечээ Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов компаниянын каржылык жана өндүрүштүк ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасады.
Баяндамадан кийин Алмазбек Барктабасов депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, депутат Сеид Атамбаев тарабынан “2011-жылдан 2017-жылга чейин Кумтөрдө канча тонна алтын казылган”-деген суроо берилди.
Алмазбек Барыктабасов бул жылдар аралыгында Кумтөр кенинен 112 тонна алтын казылганын айтты.
Айрым маалыматы жок адамдар 112 тонна алтын казылганына гана көңүл буруп “Алмазбек Атамбаевдин тушунда эң көп алтын казылган экен” деген ойдо калары турган иш.
Туура, эң көп алтын Кумтөрдөн 2011-жылдан 2017-жылга чейин казылган. Бирок, 112 тонна алтындын Кыргызстан үчүн эч кандай пайда-батасы болгон эмес. Анткени, алтынды чет элдик “Центерра” компаниясы казып, бир граммын да Кыргызстанга калтырбастан ташып кеткен.
Жөнөкөй тил менен салыштырып айтканда 1 гектар үлүш жериңизге айдаган картошканын 40 тонна түшүмүнөн бир тоголок картошка бербей, кошунаңыз алып кетсе, сиз “40 тонна түшүп алдым. Бул акыркы жылдагы эң көп түшүм болду” деп мактанат белеңиз?
Андыктан, “Эң көп алтын Атамбаевдин убагында казылган” деп ооз көптүрүштүн эч кандай зарылчылыгы жок.
Башкача айтканда, Канадалык компания Кумтөрдөн 1997-жылдан 2021-жылдын май айына чейин 410 килограммдан ашык алтын өндүрүп, чет элдик банктар аркылуу өздөрү экспорттошкон. Анын ичинен талкууланып жаткан 112 тонна алтын дагы сыртка чыккан.
Демек, социалдык түйүндөрдөгү мурдагы президенттин тарапташтарынын “Рекорддук 112 тонна алтын Алмазбек Атамбаевдин тушунда казылып алынган” дегени маалыматты кызылдай бурмалоо жана маалыматтык манипуляция экени сокур адамга деле көрүнүп турат.
Ачык айтканда, Кумтөр Президентибиз Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тагдырына айланды… Кумтөрдүн элге кайтарылышы үчүн булар баардык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп абакка да камалышты.
Эң негизгиси көшөргөн аракет менен акыры Кумтөр мамлекетке кайтарылды. Учурда 2021-жылдын 17-майынан 2023-жылдын сентябрь айынын акырына чейин Кумтөрдө казылган алтындын баары мамлекетте калып, Улуттук банктын казынасында сакталууда.
Акыйкатында, буга чейин чет элдик компания казып кеткен 410 килограмм алтындын баары мамлекеттин өзүнө калса, Кыргызстан азыр өнүккөн өлкөлөрдүн катарында болмок.
Эми бул жагы ошол кездеги мамлекет башчылардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын абийиринде болсун.
Бакай Абдымалик














