Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев бир катар инсандарга облустун «Ардактуу атуул» сыйлыгын тапшырды.
Джантаев эки орчундуу юбилейге тушташ уюштурулган бул маанилүү салтанатта Ош облусунун тургундарына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, ар бир сыйлык алган адамдын облустун социалдык-экономикалык турмушуна кошкон жеке салымынын маанилүүлүгүн белгилеп, алардын аракети облустун бардык тургундарына үлгү болуп, өнүгүүгө жана өркүндөтүүгө шыктандыраарын баса белгиледи.
Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор жетишкендиктери жана зор салымы үчүн төмөндөгү көрүнүктүү инсандарга эң жогорку сыйлык – Ош облусунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды:
Мамытов Миталип – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери”;
Тажибаев Абдиваит – “Эмгек Кызыл Туу” орденинин, Кыргыз Республикасынын “Данк” медалынын ээси, ардактуу ардагер;
Эркебаев Абдыганы – Кыргыз Республикасынын II даражадагы “Манас” орденин ээси, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, академик;
Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович – Академик, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” орденин ээси;
Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевич – Кыргыз-Өзбек университетинин алдындагы окуу китептерин даярдоо жана “Табыгый Таш” илимий изилдөө борборунун директору, академик;
Карашев Азим Карашевич – Ош облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер”;
Мирзакаримова Айкөкүл – Ош облустук аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча кеңешинин төрайымы, коомдук ишмер;
Акимбаев Орозбек Кулмаматович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, “Данк” орденинин ээси, коомдук ишмер;
Касиев Накен Касиевич – “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери”, медицина илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик жана коомдук ишмер;
Нурунбетов Балтахун Аттокурович – Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” орденин ээси, “Данк” орденинин ээси, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, Кыргызстан элдер Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы;
Примов Бердибай Примович – “Пэрити Коал” ЖЧКнын башкы директору, “Даңк” орденинин ээси;
Конкобаев Кадырали – “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”, тарыхчы, филология илимдеринин доктору, профессор;
Садыбакасова Гүлшайыр – “Кыргыз Эл артисти”, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү;
Саадабай Шабданов – Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын этно-фольклор тобунун артисти, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмери”;
Махаммадов Ахматжан – Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” орденин ээси, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери”;
Матиева Гулбадан – Физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкери”, Ош мамлекеттик университетинин профессору;
Орозбаев Мамат – “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкери”, коомдук ишмер;
Раев Султан Акимович – Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Кыргыз Эл жазуучусу”, драматург, “Тюрксой” уюмунун башкы катчысы;
Курбанов Райымжан Рахманович – “Кыргыз тили” республикалык коомдук бирикмесинин президенти, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”.
Молдокасымов Кыяс Сатарович – Тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” орденин ээси, тарыхчы;
Нарматова Надира Азимовна – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты.
Турапов Каримберди Ырысалиевич – “Кыргыз Эл артисти”, Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” орденинин ээси;
Арапбаев Азамат Абдуллажанович – “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери”;
Мадумарова Зияда Садыковна – “Манас-1000” жылдык медалынын ээси, Ош облустук аялдар кеңешинин мүчөсү;
Исаков Рысбай Рахманович – Манасчы, акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Гинесстин Рекорддор китебинин “Узак убакытка токтобой, Манас айтуу” боюнча рекордсмени;
Ниязов Манас Токтогулович – Кыргызстандын “Көк бөрү” боюнча жогорку лигасынын мыкты чабуулчусу, Ош облусунун “Достук” командасынын оюнчусу.
Бул ардактуу сыйлык алардын тынымсыз эмгегин жана региондун гүлдөшүнө жана кезинде өз жумуштарына берилгендигин баалайт.