Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Мыйзамсыз аңчылык менен күрөш күчөдү. Кантип?

  • Интервью, Коом
  • 24.10.2024 12:03

Loading

23-октябрь – Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү. Өткөн жылдын соңунда КР президенти Ак илбирсти Кыргызстандын Улуттук символу деген жарлык да чыгарган. Өлкөнүн экосистемасы менен биоартүрдүүлүктү сактоо максатында иштеп келаткан NABU Кыргызстан уюму Ак илбирсти жана анын жашоо ареалын коргоо менен алектенип келет. Ал эми мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштө мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен тынымсыз рейддерди өткөрүп, браконьерлерди кармап, аларды укук коргоо органдарына өткөрүп беришет. Аталган уюм Түштүк бөлүмүн ачканына бир жарым жылдан ашык убакыт болду. Андагы мыйзамсыз аңчылык менен күрөшкөн “Барс-2” деп аталган бөлүмдүн башчысы Акылбек Абдраимов менен маектешип, аткарган иштери боюнча сурадык.

-Акыл мырза саламатсызбы? Жаратылышты коргоп, мыйзамсыз аңчылык менен күрөш жүргүзүп келесиздер. Ишиңиздердин жыйынтыгы кандай болуп атат?

-Саламатчылык. NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмү ачылгандан бери мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү боюнча байма-бай рейддерди өткөрүп жатабыз. Жыйынтыктар жакшы. Негизи биз рейддерге чыкканда мамлекеттик тиешелүү органдар менен кошо чыгабыз да. Биз аларга, алар бизге жардам берип, эриш-аркак иштешип жатабыз. Негизги эле максатыбыз – жандуу жаратылышка зыян келтирбөө, аларды коргоо, эгер мыйзамсыз аңчылык фактлары катталса, алар менен күрөшүү болуп саналат. Тактап айтканда, жапайы жаныбарларды аткандарды кармап, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү биздин милдет.

Тема боюнча

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026

Биздин рейддердин алкагында кийик аткандар кармалды. Чаарчык, тоо текечерлерди тирүү кармап алышып, багып жүргөндөрдөн алып, жапайы жаратылышка кое берип, бирин жапайы жаныбарларды калыбына келтирүүчү өзүбүздүн реабилитациялык борборго орноштурдук. Биз таз кара деп атап жүргөн гималай кумайын аткандар кармадык, боз эчкемер кармап, бирок өлтүрүп алгандар кармалды. Кыскасы мыйзамсыз аңчылык менен күрөштүн жыйынтыктары ушинтип чыгып атат.

-Жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү боюнча реабилитациялык борбор тууралуу айтып калдыңыз. Ал кандай борбор жана кайсы жерде жайгашкан? Анын негизги функциясын түшүндүрүп берсеңиз?

-Ал борбор Кемин районундагы Суулуу-Терек капчыгайында жайгашкан. Анын негизги функциясы – жараат алган жапайы жаныбарларды калыбына келтирип, кайра жаратылышка кое берилет. Бул борбор биздин жетекчибиз Толкунбек Асыкуловдун демилгеси менен ачылып, бир топ жылдан бери иштеп келет. Учурда ал жерде аюунун мамалагы, илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, бүркүт сыяктуу жаныбарлар калыбына келтирүү үчүн багылып жатат.

Кечээ жакында эле уюмдун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үч айлык чаарчыкты жеткирип келдик. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бир тургуну тарабынан ушул аймактын тоолорунда кармалган экен. Чаарчык качан өз алдынча жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жаралгандан жапайы жаратылышка кое бериле турган болууда.

-Мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү аракетиңиздерден дагы кандай натыйжалар чыгап атат?

-Бизде көп эле натыйжалар болуп атат. Мисалы, жакында Кара-Кулжа районунун Айыр-Таш жайлоосуна жапайы тоо текени өзүнүн табигый жашоо чөйрөсү болгон жапайы жаратылышка кое берүүгө себепкер болдук.

Алгач атайын маалыматтын негизинде аны аймактагы Жүлгүр жайлоосунда бир канча айдан бери короосундагы мал жандыктар менен кошо багып жүргөн жарандан алдык. Бул фактны аныктоодо Кара-Кулжа районунун аңчы адиси Жеңишбек Бекташевдин да жардамы чоң болду.

Биз аны КР Экология министрлигинин катынын негизинде кайра жапайы жаратылышка кое бердик. Тоого алып чыгып, Айыр-Таш жайлоосунун кийиктер көп жүрчү кыркаларынын бирине кое бергенде эле аска зоолорго чыгып, качып кетти.

Анан жакында биз Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылындагы Көк-Маңдай жайлоосунан мыйзамсыз кийик аткан төрт жаранды кармадык. Албетте, бул иште Экотехинспекциянын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлеринин жардамы тийди.

Мыйзамсыз аңчылыкка шектелген жарандар токтотулуп, текшерүүгө алынган учурда, алардын куржунунан бир кийиктин эти жана төрт даана аңчылык куралы чыкты. Натыйжада акт түзүлүп, андан ары териштирүү максатында тиешелүү органдарына өткөрүп берилди.

Ушул жылдын сентябрь айынын башында NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери да Чүй облусундагы “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын (МЖП) кызматкерлери менен биргеликте Көк-Ойрок участкасынан мыйзамсыз тоо теке аткан жарандарды кармашкан. Бул иш боюнча акт түзүлүп, Кемин РИИБга өткөрүп беришкен.

Эсиңиздерде болсо керек, 2024-жылдын июль айында Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга салынуучу айыппулдун суммасы жогорулаган. Мисалы, тоо текени уруксатсыз атканга мурда 100 миң сом айыппул салынса, азыр 300 миң сомго көтөрүлгөн. Ал эми мамлекеттик жаратылыш парктарында же корук зоналарында мыйзамсыз аткандарга бул акчанын эки эселенген суммасы салынат. Мисалы: “Чоң-Кемин” МЖПда мыйзамсыз тоо теке аткандарга 600 миң сом айыппул салынды.

-А тиги гималай кумайын аткандарды да кармадык дедиңиз го, ага айыппулдун суммасы канча?

-Анын суммасы 20 миң сом болсо, доосу 100 миң сом. Гималай кумайын аткан бир фактыны Алай районунда аныктадык. Райондун Нура айылынан кызыл китепке кирген эки гималай кумайын мыйзамсыз аткан жарандар кармалып, аларга 200 миң сом доо коюлган.

Дагы бир факты болду, ал Ноокат районунда катталды. Бирок анда канаттууну аткан эмес, жөн гана учуп келип конгондо жергиликтүү тургандар кармап алышып, соцтармактарга чыгарып жиберишкен. Аларга мыйзамсыз кармаганы үчүн 20 миң сом айыппул салынды.

Маалымат иретинде кошумчалап кетейин, бул канаттуу негизинен Кыргызстандагы Алай жана Тянь-Шань кырка тоолорун байырлап, аска зоолордо уялайт жана мал жандыктардын тарпы менен тамактанат.

Мындан сырткары, биз, Ош облусунун Араван районундагы Күйгөн-Коро айылынын тургуну кызыл китептеги боз эчкемерди мыйзамсыз өлтүргөнүн аныктадык. Бул факт боюнча акт түзүлүп, эчкемер экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгы менен бул иш сотко өткөрүлүп, жаранга тиешелүү мыйзамдарга ылайык, 20 миң сомдун 3 эселенген өлчөмүндөгү айыппул чегерилди.

-Негизи мыйзамсыз аңчылык эл арасында көп катталат бекен?

-Негизи көп эле окшойт. Жаратылышты коргоо багытта иштеп жатышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлери, егерлер, аңчы адистер деле рейддерди жүргүзүп жатышат. Азыр эми аларга жардам берели, жапайы жаратылышты коргоп, мыйзамсыз аңчылык менен күрөш жүргүзөлү деп биз да катуу кириштик.

Биздин рейддердин жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык кылган факт катталбай деле калат. Бирок жүргүзүлгөн рейддердин саны көбөйгөнүнө байланыштуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү тургундарынын арасында браконьерчилик кылуудан карманган учурлар көбөйгөнү тууралуу сөздөр айтылып калып жатат. Бул да болсо биздин ишибиздин жыйынтыгы жана аны менен катар, жапайы жаратылышты коргоого кошкон салымыбыз деп ойлойбуз.

-Рахмат маегиңизге.

Маектешкен: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Кыргызстанмыйзамсыз аңчылык
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

06.10.2026
Азия оюндары-2026: Кыргызстан курама командасы жалпы 14 медаль жеңди

Азия оюндары-2026: Кыргызстан курама командасы жалпы 14 медаль жеңди

06.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.