2024-жылдын биринчи 6 айында жаңы төрөлгөн ымыркайлар арасында эң популярдуу ысымдар болуп эркек балдар арасында Мухаммад, кыздар арасында Салиха болду.
Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Эркек балдар арасында 10 эң популярдуу ысымдар:
- Мухаммад – 3667;
- Умар – 2181;
- Али – 1659;
- Рамазан – 1428;
- Амир – 1370;
- Билал – 1190;
- Усман – 1096;
- Алихан – 1012;
- Нурислам – 930;
- Мухаммед – 849.
Кыздар арасында 10 эң популярдуу ысымдар:
- Салиха – 2043;
- Фатима – 1489;
- Айлин – 1451;
- Сафия – 1400;
- Амина – 1389;
- Алия – 1361;
- Раяна – 1273;
- Аиша – 1244;
- Хадича – 1181;
- Аруузат – 1102.
Жалпысынан быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 70 миңге жакын балдар төрөлсө, алардын арасынан 33 370 кыз, 35 359 эркек бала.




















