Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 2 айдан 10 айга чейинки төрт бала алынып келинди.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, балдарды кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.
“Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана балдардын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Ал эми Эмгек министрлиги репатриация процессинин башында турган Майрам Жалаловна белгилегендей, мыйзам боюнча балдар убактылуу атайын балдар үйүнө жайгаштырылат. Бул аралыкта алардын туугандары изделип, эгер табылып калса, баланы багып алуу сунушталат. Ал эми табылган туугандары тарабынан баш тартылса, анда бала багып алууну каалаган адамдарга берилиши мүмкүн экендигин билдирди.



















