Белгилүү журналист, 7-канал телеканалынын башкы директору Илязбек Балташев Москва шаарындагы окуя тууралуу көз карашын жарыялады.
“Москвадагы мончодо болгон окуя коомчулукта абдан чоң талкууга түштү. Бирок бул маселени мындан ары өтө саясатташтырып, татаалдаштырып, сезимге алдырып жиберүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм.
Ачыгын айтайын: бул окуяны Эрнис Кыязов, бир катар НПО өкүлдөрү, Жанар Акаевдин командасы жана айрыкча “батышчыл” көз караштагы активисттер атайылап курчутуп жатышат. “Биз баатыр элбиз, тизе бүгүп турганыбыз болбойт” деген сыяктуу ураандар аркылуу кырдаалды ого бетер курчутуп, кыргыз-орус мамилесине доо кетиргиси келгендер бар экени байкалат.
Ооба, бул иште улуттук намыс, ар-намыс деген түшүнүктөр бар. Бирок ошол эле учурда реалдуулукту да эске алышыбыз керек. Кээде эрин тиштеп, сабыр кылган туура. Бул – коркуу же басынуу эмес, бул – акыл-эстүүлүк.
Мисал катары Украинаны алып көрөлү. “Куру намыс” деген принцип менен мамлекет эмнеге жетти? Эли кырылып, өлкөсү талкаланып, миллиондогон жарандар башка жактарга качууга аргасыз болушту. Ал эми ошол “эркиндик үчүн күрөшкө” шыктандырган Батыш өлкөлөрү менен Америка аларды жарым жолдо таштап кетти го?. Биз бул тарыхый сабакты эске алышыбыз керек.
Эгер биз азыр эмоцияга алдырсак, орус тарап менен кайым айтышып, мамилебизди курчутуп алсак, эртең ГСМге болгон пошлиналар көтөрүлүп, товар жүгүртүү чектелип, мигранттар маселеси чыгат. Ошондо азыр “Фейсбукта акыл үйрөтүп” жаткан адамдар эмне кылат? Альтернативалык жол сунуштай алабы? Жок, ошондо дагы “эмнеге Садыр Жапаров Путин менен сүйлөшүп чечпейт, эмнеге бензин кымбат”-деп биринчи кыйкырып чыгышат.
Бул окуя боюнча Россиянын жарандары, ГосДуманын айрым депутаттары, өкмөт өкүлдөрү өздөрү да уялып, каталарын моюндап жатышат. Москвадагы бул окуя Россиянын кадыр-баркын көтөргөн жок, тескерисинче, дүйнөлүк коомчулук алдында аброюна доо кетирди.
Демек, бул теманы чектен ашык талкуулап, чыр-чатакка айландырбастан, сабырдуулук менен, акыл калчап мамиле кылалы”.
(P.S. Бул макала автордун Фейсбуктагы барагынан алынды жана редакциянын көз карашын билдирбейт)



















