Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги россиялык рэпер Моргенштерндин Бишкектеги концертин өткөрбөө боюнча иш алып барып жатат.
Бул тууралуу Маданият министри Алтынбек Максутов парламентте билдирди.
Россиялык рэперинин Кыргызстанга келиши боюнча маселени парламентте депутат Алишер Козуев көтөрдү.
“Соцтармактарда жакынкы күндөрдө бизге жаштарга, келечек муунга терс таасирин тийгизе турган, же динден кабары жок Моргенштерн деген артистби же ким… келип биздин жаштарга концерт коет деп жазып жатышат. Буга чара көрбөйсүздөрбү, концертти токтото аласыздарбы?”, – деди эл өкүлү.
Министр депутаттын пикирине кошулуп, учурда уюштуруучулар жана концерт пландалган имараттын жетекчиси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
“Концертти токтотуунун үстүндө иш алып барып жатабыз. Бул кишиге Россияда кылмыш иши козголгон”, – деп жооп берди Алтынбек Максүтов.
Парламентте россиялык рэпер Моргенштерндин Бишкекте өтө турган концерти боюнча маселе көтөрүлдү✅Кененирээк шилтемеден окуңуз: ??? https://kg.eurasiatoday.ru/society/12803-
Опубликовано Евразия Бүгүн Четверг, 15 июня 2023 г.
Белгилей кетсек, Моргенштерндин концерти 23-июнга белгиленген. Бирок соцтармактардын айрым колдонуучулары рэпер жаштардын писхологиясына терс таасирин тийгизип, жаштарга туура эмес жол көрсөтөрүн жазышып, анын келишине каршы болуп жатышат.